Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

ИРАН: АДАМ УКУГУН КОРГООЧУЛАР АБАК ЖАЙЛАРДАГЫ КЫЙНООГО ТЫНЧЫЗДАНАНУУДА


Тегерандагы Эвин түрмөсү - Ирандын атагы алыска кеткен абак жайы. Ал саясий айыпкерлерге каршы кыйноо ыкмалары колдонулганы менен белгилүү. Бирок мындай көрүнүштөн Ирандын бөлөк абак жайлары да куру эмес экен. Соңку кездери укук коргоочу активисттер абактагылар кыйноого тушуккан жана атүгүл өлүмгө кириптер болгон учурлар тууралуу көп айта башташты.

27 жаштагы Захра Бани Якуб Тегерандагы Медицина университетинин бүтүрүүчүсү эле. Жаш дарыгер жана адис катары келечеги кеңдей сезилчи. Тилекке каршы былтыр октябрда Ирандын батышындагы Хамадан шаарындагы гүлбактардын биринде жигити менен сейилдеп жүргөн жеринен камакка алынып, эртеси түрмөдө мерт болгон. Полиция ал түндө өз жанын өзү кыйган деп ырастап келүүдө. Бирок маркумдун туугандары буга ишенген жок жана анын өлүмү үчүн түрмө кызматкерлерин айыптоодо. Адам укугун коргоочулар болсо Захра Якубдун тагдыры түрмөдөгү шектүү өлүмдүн соңку мисалдарынын бири деп эсептешет.

Ширин Эбади - ирандык укук коргоочу активист, Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун перси кызматы – "Фарда" радиосундагы маегинде буларга токтолду.

- Мен бул иште көп карама – каршылыктарды таптым. Мисалы: Захра мерт болгонунун так мөөнөтү, ошондой эле ал асынып өлдү делген устун менен анын боюнун дал келбестиги. Мындан сырткары ал кантип камакка алынгандыгы жана абакта кармалгандыгы боюнча расмий маалыматтар да шек санатууда.

Ирандык адам укугун коргоочулар тобу өткөн айдагы отчетунда өлкө боюнча абак жайлар менен түрмөдөгүлөргө катаал мамиле көргөзүлүп жатканын кескин сынга алган болчу. Отчетто өзгөчө Тегарандын Агахи кылмыш департаментинин абак жайы бөлүп көргөзүлгөн. Укук корооочулардын ырастоосунда, бул жерде жүздөгөн адамдар кылмышты моюнуна алган көрсөтмө бериш үчүн кыйноого такай кириптер болушат. Бул көбүнесе айып расмий угузулганча жана адвокат менен жолукканга чейин жасалат.

Агахи түрмөсүндө жатып чыккан бир жаш келин "Фарда" радиосундагы маегинде өз башынан кечирген окуяны мындайча мүнөздөдү:

-Биринчи күнү алар мага сени куурулган жөжөгө айлантабыз дешти. Мен, балким, алар мени кызыл ала кылып сабашат, демек куурулган жөжөдөй болуп калам деп ойлогом. Бирок алар кээ бир аспаптарды алып келишти. Колумду байлашып, шыпка асып коюшту. Суу түтүктү колу-бутумдун ортосунан өткөрүшүп, анан кере башташты. Мындан соң бутумду кур менен чабууга өтүштү.

Ирандык айрым адвокаттар болсо абакта кыйноо колдонуларын жокко чыгарышат. Алардын ырастоосунда тергөөчүлөр уруп -согуу же уктатпай коюу өңдүү ыкмаларды гана пайдаланышат жана бул бүткүл дүйнөдө эле полиция үчүн мүнөздүү көрүнүш.

Ал эми айрым укук коргоочулардын пикиринде, Ирандын абак жайларында кеңири жайылган кыйноону өлкө бийликтери кылмыштуулукту алдын алуунун жолу катары да эсептешет. Укук коргоочу активист Али Рахими "Фарда" радиосуна буларды айтты:

- Тилекке каршы бул - Ирандын полициясы үчүн калыптанып калган ыкма. Ал ыкмага ылайык, шектүү адам абак жайга киргенде коркутуу, жазалоо, балким, кийинки кылмышка барбоосу үчүн ур-токмокко алынып, кордолушу керек. Кээде кысым көргөзүү үчүн атүгүл шектүү адамдын тууганын да кармашат. Айрым учурларда камактагы адамга кысым жасоо үчүн үй-бүлө мүчөлөрү кыйноого алынат.

Түрмөлөрдө кыйноо бар экенин бир ирээт Ирандын сот бийлиги да моюнга алган. 2005 - жылдын июлунда соттор буга чейин болуп көрбөгөн отчетту жарыялашып, олуттуу укук бузуулар орун алган абак жайлардын тизмесин келтиришкен эле. Иран өкмөтү ал отчетту кубаттанган болчу. Бирок укук коргоочулар муну расмий бийликтин адам укуктарынын абалына тынчызданган түр көрсөтүү аракети катары гана баалашкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG