Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

Кезинде Евробиримдик Өзбекстанга каршы киргизген санкциялар жөнүндөгү маселе уюмдун тышкы иштер министрлеринин апрелдеги жыйынында дагы бир ирээт каралары күтүлүүдө. Ал санкциялардын негизгилеринин бири өлкөнүн жогорку даражалуу сегиз расмий өкүлүнө карата визалык чектөөнү карайт жана учурда алты айлык мөөнөт менен токтотулуп коюлган. Евробиримдиктин расмий өкүлдөрүнүн ушу таптагы ишараларына караганда, виза боюнча ал чектөөлөр кайра калыбына келтирилчидей эмес.

Евробиримдик Өзбекстанга карата санкцияларды Андижандагы кан төгүүдөн кийин мындан эки жыл ашуун мурда, 2005-жылдын октябрында киргизген эле. Анда расмий Ташкент, укук коргоочулардын ырастоосунда, бир нече жүз адамдын өмүрүн алган Андижан окуялары боюнча көз карандысыз, эл аралык иликтөө өткөрүү жөнүндөгү талаптарга моюн сунбай койгон болчу.

Еврошаркеттин Өзбекстанга багытталган жардамын токтотууну, курал эмбаргосун, Анжияндагы кан төгүүгө тиешеси бар деп саналган расмий өкүлдөр үчүн визалык чектөөлөрдү караган ал санкциялар дээрлик эки жыл бою сакталды.

Бул маселе былтыр октябрда, шаркеттин тышкы иштер министрлеринин жыйынында кайра каралган эле. Анда расмий өкүлдөр үчүн коюлган визалык чектөөнү алты айга убактысынча шарт менен токтото туруу чечими кабыл алынган.

Өзбекстан анда коюлган шарттарды кандай аткарганы жарым жылдан кийин кайра каралмак.

Расмий Ташкент адам укуктары маселесинде Улуттар уюмунун атайын докладчысы менен кызматташууга, эл аралык гуманитардык уюмдардын өкүлдөрүн саясий туткундарга киргизүүгө, камактагы укук коргоочулардын баарын бошотууга, бейөкмөт уюмдардын иштөөсүнө шарт түзүүгө жана укук коргоочуларды куугунтуктоону токтотууга милдеттендирилген болчу. Эми маселени кайра кароонун мөөнөтү ушул апрель айынын соңуна туура келүүдө.

Өзбекстан азырынча ал шарттардын бирин да аткарууга жетише элек жана эл аралык укук коргоочу уюмдардын айтымында, апрель айына карата ал талаптарга жооп берери да арсар. Анткен менен Еврошаркеттин расмий өкүлдөрүнүн ушу таптагы ишараларына караганда, виза боюнча убактылуу токтотулуп коюлган чектөөлөр кайра калыбына келтирилчидей эмес.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Брюсселдеги кабарчысынын билдиргенине караганда, бул, визалык чектөөлөр шаркеттин Ташкент менен диалог түзүүсүнө тоскоолдук болуп жатат деген маанай күчөгөндүгүнө байланыштуу болуп жатат.

Маселен Еврокомиссияда мурдагы СССРдин өлкөлөрү менен алакага жооп берген жогорку даражалуу өкүлү Гуннар Виеганд өткөн аптада, Брюсселдеги конференция учурунда санкцияларды азыр Андижан окуясына байлоо орунсуз экенин белгилеп, төмөнкүлөргө токтолгон:

-Биз санкциялар Анжиандан улам келип чыкканын билишибиз абзел. Эми болсо биз санкциялар адам укуктарынын абалынан улам сакталып жаткан кырдаалга туш болуудабыз. Демек биз регионго карата кош стандартты карманган маселеге туш келүүдөбүз. Эмне үчүн сиз адам укуктарынан улам бир өлкөгө каршы санкция киргизесиз да, экинчисине андай кылбайсыз?

Өзбекстан маселеси да шаркеттин мүчөлөрү арасына ажырым салганы жашыруун эмес. Алсак, Германия баштаган кээ бир өлкөлөр визалык чектөө Борбор Азиянын ири жана калктуу өлкөсү саналган Өзбекстан менен алака түзүүдө такыр пайдасыз деп эсептейт экен.

Бул санкциянын былтыр октябрда алты айга токтотулуп коюлушуна дал ушул Германия негизги демилгечи болгон. Ал былтыр Еврошаркеттеги төрагалыгы учурунда уюмдун Борбор Азияга карата жаңы стратегиясын иштеп чыгып, кабыл алдырууга жетишкен эле. Берлиндин былтыр октябрда колдонгон тактикасы эми ишке ашчыдай болуп турат.

Анын үстүнө геосаясий, энергетикалык кызыкчылыктарынан улам жана регион Орусия менен Кытайдын таасиринде калбаш үчүн Еврошаркет Борбор Азия менен азыр тыгыз алака түзүүнү көздөп жаткан кези.

Британия баштаган айрым өлкөлөр менен укук коргоочулар болсо Өзбекстанда адам укуктары боюнча абал дагы деле ойдогудай эмес, андыктан санцияларды сактоо керек деген пикирде.

Маселе боюнча эми кандай чечим кабыл алынары Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери апрелдин соңунда Люксембургда чогулган учурда анык билинмекчи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG