Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

14:21 Билим берүү жана илим министри Кочкордогу мектептерди көрүп келди


Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт. Анда айтылгандай, 12-февралда министр Ишенгүл Болжурова Нарын облусунун Кочкор районундагы үч мектепте болуп кайткан. 2006-жылдын декабрындагы зилзаладан жапа тарткан аймакта кийинчерээк эксперименталдык негизде тез салынуучу мектептер курула баштаган. Бирок министр бул жолку сапарында андай мектептерде жылуулук начар экенине, дарстар окулуучу бөлмөлөр өтө эле кичине экенине жана санитардык-гигиеналык эрежелерге жооп бербей тургандыгына ынанган. Мектеп окутуучулары менен жолугушуу учурунда эми окуу китептерин убактылуу колдонууга берип, ал үчүн акча алуу маселеси каралып, министр аны колдогон. “Ал каражатты жаңы китептерди чыгарууга колдонсо болот”, - деген И.Болжурова. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG