Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17
Белгилүү ишкер жана оппозициядагы саясатчы, 5-январда Грузияда өткөн президенттик шайлоодо өз талапкерлигин койгон Бадри Патаркацишвили 52-жашында Лондондо жүрөк оорусунан дүйнө салды. Бул тууралуу Патаркацишвилинин шайлоо штабынын мүчөсү Шалва Хачапуридзеге шилтеме жасап, Рейтер агенттиги маалымдады. Патаркацишвилинин өнөктөшү Борис Березовский дагы бул маалыматты тастыктап, белгилүү саясатчы Лондон убактысы боюнча кечки саат 11де көз жумганын кабарлады.

Патаркацишвили 2007-жылы күзүндө Грузиядагы саясий киризис учурунда оппозицияны ачык колдогондордун бири. Көп өтпөй грузин бийлиги аны мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптап, бир аз убакыттан кийин кылмыш иши токтотулган. 5-январда Грузияда өткөн президенттик шайлоодо Патаркацишвили өз талапкерлигин койгондо, ага карата кылмыш иши кайрадан козголгон. Ноябрдагы митингдер учурунда өлкөдөн чыгып кеткен Патаркацишвили Британия жана Израилде жашаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG