Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

15:25 Коомдук парламенттин күн тартиби аныкталды


Коомдук парламенттин алгачкы отруму 20-февралда өтөөрү белгиленүдө. Анда биринчи маселе төрага жана анын орун басарын шайлоо, экинчиси энергетика тармагын менчиктештирүүгө байланышкан маселе каралышы күтүлүүдө. Акыйкат үчүн кыймылынын координациялык кеңешинин жетекчилеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда коомдук парламенттин курамы негизинен түзүлүп бүтүп калды. Анын алгачкы сабында Өмүрбек Текебаев, Абдыганы Эркебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Мирослав Ниязов, Эмил Алиев сыяктуу белгилүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер турат. “Коомдук парламент курамына жаштарды киргизүүгө да өзгөчө көңүл буруп, төрагалыкка Абдыганы Эркебаевдин талапкерлиги сунушталууда” -, дейт Жекшенкулов. (AJ)

XS
SM
MD
LG