Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

16:15 Эми Токмоктогу «Касиет» акционердик коому жаңыча иш жүргүзө баштайт


Бул туурасында ишкананын чийки зат менен иштөө бөлүмүнүн башчысы И. Көчөрбаева «Азаттыкка» билдирди. Учурда казак инвесторлорунун жардамы менен Германиядан отуз жаңы машина алынып келинди. Эми ишкананын бул цехинде жүндон токулган кездемелер чыгарылат. Адистердин айтымында, бул жабдуу Кыргызстанга биринчи ирээт алынып келинди. Бирок ишкана чийки зат болгон кой жүнүн Казакстан менен Оруссиядан кымбат баада сатып келүүдө. Буга Кыргызстандагы кой жүндөрүн Кытай тарап арзан баада алып кетип жатканы себеп болууда. “Ишкерлердин мындай нааразылыгы дайыма айтылганы менен мамлекет бул ишти тартипке келтире элек”,- деди И.Көчөрбаева. Мурун «Касиет» акционердик коому Кыргызстандагы жип иштетүүчү бирден бир өндүрүш ишканасы болгон.(JJ)

XS
SM
MD
LG