Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

16:59 Өзбек бажычылары чек арада кыргыз атуулдарын акчаларын алып коюп жатышат


Бул тууралуу 13-февралда облусттук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу секторунун башчысы Таштемир Эшалиев «Азаттыкка» билдирди. Акыркы он күндүн ичинде эле Өзбекстандын Сох анклавында орун алган чегара тилкелеринде акчаларын өзбек бажычыларына алдырып койгон эки жаран Баткен облустук акимчилигине арыз менен кайрылган. Алар Карабак айыл өкмөтүнүн тургуну Азамбек Жороев 3650 сомун жана Сумбула айыл өкмөтүнүн тургуну Абдужаббор Муллаев 3740 сому менен кошо 700 АКШ долларын алдырган. Бул боюнча учурда Баткен облустук бажы инспекциясы өзбек кесиптештери менен сүйлөшүү жургузуп жатышат.
Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин кабарлоосуна ылайык, өзбек бажычылары кыргыз атуулдарына тиешелүү акча-каражаттарын конфискациялай алышпайт. Себеби мыйзамда көрсөтүлгөндөй, чекарадан транзит аркылуу 10 миң кыргыз сомуна чейин эч кандай катоосуз эле алып өтүүгө болот. Жогорудагыдай акча алдыруулар, атуулдардын өз укуктарын жана жөнөкөй каттоо амалдарын билбегендигинен болуп жатат. (SA)

XS
SM
MD
LG