Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

18:16 Ошто коомдук уюмдар А.Бекназаровду кылмыш жообуна тартууну талап кылышууда


“Элди түндүк-түштүккө, улут-урууларга бөлүп жатат," деп Ош жана Баткен облусундагы он чакты коомдук уюмдардын өкүлдөрү бүгүн “Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаровду айыптап чыгышып, аны жоопкерчиликке тартууну талап кылышты. “Жаңы заман” гезитинин баш редактору Эркин Кожогелдиевдин айтымында, "мамлекеттин бүтүндүгүнө, улуттун бүтүндүгүнө шек келтирген саясий экстремисттерди жоопко тартыш керек". Мурдагы депутат Дооронбек Садырбаев чынында эле Бекназаров элдин ынтымагына шек келтирип, учурда өлкөдө түзүлгөн оор кырдаалга жоопкерчиликтүү болсо, Башкы прокуратура менен Коопсуздук кызматына Бекназаровду өзү алып барарын билдирди. “Түштүктөгү он чакты коомдук уюмдардын өкүлдөрү Бишкектеги Горький эстелигине, эски аянтка келип Бекназаровду камагыла деп митингге чыгып көрсүн, аларды он миңдеген эл колдоор бекен?” –дейт Садырбаев. (AJ)

XS
SM
MD
LG