Мындай мааалымат Түштүк аймактык токойчулукту өнүктүрүү жана аңчылык ресурстарды жөнгө салуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Өктөм Сабыровдон алынды. Анын билдирүүсүнө караганда, тоолуу айыл-кыштактарды жети жүздөй карышкыр, миңден ашык чөө жойлоп жүрөт. Акыбал Алай, Каракулжа, Чоңалай райондорунда айрыкча кооптуу. Себеби ок-дары, мергенчилер жетишсиз. Жергиликтүү адистер мергенчиликти атайын инспекция кылып кайра уюштурмайынча, жыл сайын баш оорутма кайталанаарын айтышууда. (АТо)