Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Грузиялык белгилүү бизнесмен жана оппозициячыл саясатчы Бадри Патаркацишвили 13-февралга караган түнү Лондондогу үйүндө жүрөк талмасынан капилет каза тапканын маркумдун жакындары жарыялашты. Британ полициясы бардык күтүүсүз өлүмдөрдөй эле грузин саясатчысынын өлүмү да шектүү окуя катары иликтенээрин билдирди. 52 жаштагы миллиардер Патаркацишвили өткөн айда Грузиядагы президенттик шайлоого катышып, Михаил Саакашвилиге уттуруп койгон. Грузияда ага мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген кине тагылып, кылмыш иши ачылган.

Британ полициясы грузин саясатчысы Бадри Патаркацишвилинин капилет өлүмүн башка ушундай окуялардай эле шектүү иш катары караштырып, маркумдун сөөгү паталого-анатомиялык экспертизага алынаарын кабарлады.

Тбилисиде бул кабар чак түштөгү чагылгандай эле күтүүсүз окуя катары кабыл алынууда. Бийлик тараптагылар билдирүү жасай элек, президент Саакашвилинин Улуттук Кыймыл партиясынын өкүлү, депутат Нино Накашидзе андай-мындай деп айтуу эрте деп эскертет:

- Мен ырасмий маалыматтан башка эч нерсени айта албайм, окуянын чоо-жайын билбейбиз. Жүрөгү токтоп калды дегенден башка кабар ала элекпиз, күтө туруш керек.

Патаркацишвилинин Грузиядагы тарапкерлери буга чейин бизнесмендин ден-соолугуна байланыштуу арызданганын эч качан укпаганын айтып, таң калып турганын жашырышкан жок.

Патаркацишвилинин президенттик шайлоо кампаниясынын мүчөсү Заур Киркитадзе “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Биз азырынча көп нерсени билбейбиз, эмне деп айтсаң да туура эмес болчудай. Болгону жүрөгү токтоп калып каза тапты деген кабарды уктук. Бирок буга чейин ал бир да жолу жүрөгүнө байланыштуу арызданып көрбөгөнүн анык билебиз.

Заур Киркитадзе көп жылдар Бадри Патаркацишвилинин жеке догдуру болуп келгенин айта кетүү абзел.

Капилет каза тапкан грузин саясатчысынын бизнестеги устаты (1990-жылдардын башында Бадри Борис Березовскийдин түздөн-түз жардамы жана колдоосу менен чоң бизнесмен болуп чыга келген) жана өнөктөшү Борис Березовский шейшембиде Лондондо Патаркацишвили менен жолугушканын, Бадри ага жүрөгү кысылып, тынчын ала баштаганын айтып арызданганын кошумчалады.

Грузиянын өзүндө талаш-тартыштуу инсан катары каралган Бадри Патаркацишвили 5-январда өткөн президенттик шайлоодо 7%дан ашыгыраак добуш чогултуп, 3-орунга чыккан.

Шайлоо кампаниясына ал өзү чет өлкөдөн көз салып турду. Патаркацишвили Грузиядагы эң оппозициячыл “Имеди” телеканалынын ээси болчу, кийинчерээк ал телекомпанияны чет элдик News Corp корпорациясына сатып ийген. “Имеди” телеканалын грузин бийликтери ноябрда Грузияны каптаган демонстрацияларды тынбай чагылдырып, көчөдөгү башаламандыкты күчөтүп, акция уюштуруучуларынын трибунасына айланды деп айыпташкан.

Өткөн айда Грузиянын башкы прокуратурасы Бадри Патаркацишвилиге кылмыш ишин козгоп, бизнесмен ноябрдагы демонстрациялар маалында айрым министрлерди паралап, мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген айып таккан.

Патаркацишвили өзү бул айыптоолордун баарын четке кагып, грузин бийликтерин ага каршы саясий куугунтук уюштуруп, атүгүл көзүн тазалоого камданып жатат деп күнөөлөгөн.

Грузин оппозициясы 5-январдагы президенттик шайлоодо элдин добушу бурмаланганын айтып, анын жыйынтыктары менен эч убакта макул болбостугун кайталап келатат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG