Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Өкмөт 2025-жылга чейин энергетика тармагын өнүктүрүүнүн стратегиялык программасын бекитти. Бул аралыкта өлкөнүн электрэнергиясын сыртка сатууну камсыз кылуу, мунай, газ өндүрүүнү ички керектөөнүн кыйласына жеткирүү милдети коюлууда. Аларды ишке ашыруу үчүн Сарыжазда электр, Каракечеде жылулуук электр станцияларын куруу болжолдонууда.

Жылдагыдан өзгөчө суук кыштын Борбор Азияны узагыраак байырлап калышы үч жылдан бери улам артка жылдырылып келаткан өкмөттүн улуттук энергетика программасынын кабыл алынышына шарт түзүп берди.

Өнөр жай, энергетика жана отун-суу ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков жаңы программа жакынкы жана узак мөөнөткө ылайыкталып иштеп чыкканын өкмөттүк жыйында жарыя кылды.

Жакынкы үч жыл ичинде өкмөт тармакты каржылык жактан бутуна тургузуу, энергияны үнөмдөөгө жетишүү жана менчиктештирүүнү ишке ашырышы керек. Жыл санап энергияга болгон суроо-талап өсүп жатканы менен жаңы кубаттуулуктар ишке киргизиле элек.

С.Балкыбеков электр энергиясын сыртка экспорттоо азайганын, иштелип чыккан электр энергиясы ички керектөөнү ушу тапта араңдан зорго жаап жатканын маалымдады.

- Жоготуулардын көбү бизде кыш мезгилине туура келет. 46%дан ашуун. Мунун баары биз электр энергиясын чектүү пайдаланышыбыз керектигин көрсөтөт. Жашырбай эле айта берейин, жоготуулар өтө көп болууда. Бөлүштүрүү, жогорку чыңалуудагы электр линияларындагы техникалык жоготууларды кошкондо жылына 5 миллиард киловат саатка жетүүдө. Азыркы абал ушундай. Дагы айта кетейин техникалык жоготуулар да көбөйүүдө. Бизде ал 20% өйдө чыгып жатат, дүйнөлүк практикада ал 8% ашпайт.

2025-жылга чейин жалпы жоготуулардын саны 11% ашпаган деңгээлге түшүүсү абзел. Бирок да алдагыдай көрсөткүчкө жетиш үчүн тармакка оңор эмес каражат сарпталышы зарыл.

Эскилиги жеткен жабдууларды жаңыламайын, жабыла уурдоону жоготмоюн жыл сайын 5 миллиард киловатсаат электр энергиясынын талаага кеткени кеткен.

Өкмөт тармактын проблемасын чечүүнүн бир жолу катары тариф саясатын өзгөртүү аракетин киришкени турат. Буга чейин электрэнергиясы, жылуулук баасы жону жука калктын чөнтөгүнө оорчулук келтирбегидей деңгээлде кармалып келсе мындан ары анын толук наркына чак келген акы төлөм коюлмакчы:

- Тарифтер өздүк наркка кетчү чыгымдардын баарын камтышы керек. Электрэнергиясын өндүргөндөн керeктөөчүгө жеткирип бергенге чейинки чыгымдардын орду толтурулушу зарыл. Азыркы кезде тарифтер экономикалык эмес социалдык маселе болууда. 7 жылдан бери тарифтер өзгөрүлө элек. Ошондуктан тариф саясаты өкмөттүн кийинки отурумдарында талкууланат.

Электрэнергия менен жылуулуктун баасын аныктоодо чоң талаш жаратып келаткан маселе Бишкек жылуулук борборуна барып такалат. Жылуулук борбордо 1 гикокалория жылуулукту иштеп чыгууга 1500 сом сарпталып, элге сатылган баасы 390 сомду түзөт.

Ортодогу айырманы “Электрстанциялары” акционердик коому ГЭСтер иштеп чыккан электрэнергиясынын өздүк наркына кошуп коет. Ошентип, башкалаа жашоочуларынын жылуулук акысы жалпы республика калкына чачылып келатат. Кыязы, бул маселе Бишкек жылуулук борбору менчиктештирилип, “Электр станциялары” акционердик коомунан чыгарылгандан кийин чечилгени калды окшойт.

Ош облусунун мурдагы губернатору Жантөрө Сатыбалдиев 5 миллиард сомдук жоготуулар тармакты натыйжалуу башкарылбай калгандан чыгууда деген пикирде:

- 5 миллиард сомдук жоготууларды азайтса бөлүштүрүү компаниялары “Электр станциялары” менен эсептешип колунда акчасы болмок.

Өкмөт башчы И.Чудинов ушу тапта экономикалык өнүгүү жана өнөр жай министрликтерине энергетика тармагындагы олчойгон карыздарды кантип жоюунун жодорун издөө тапшырылганын, министрлер кабинетинде карыз акчаларды баалуу кагаздарга айлантуу тууралуу кеп болуп жатканын маалымдады:

- Энергетикалык компаниялардын ортосундагы карыз акчаларды баалуу кагаздарга айлантып, баланстарын иретке келтириш үчүн аларды ичара алмаштырып алышат. Ал эми калктын энегетиктерге карызы болсо азыр такталып жатат. Биз калктын карызы канча экенин так аныктап алышыбыз керек. Алардын канчасы кайтарылат, канчасын өндүрүп алуу мүмкүн эместигин изилдеп жатабыз.


Өкмөт быйыл “Бишкек жылуулук борбору”, “Түндүкэлектр” акционердик коомдорунун тагдырын аныктамакчы. Аларды жеке колго сатуу же ишенимдүү башкаруучуга берүү, болбосо чогуу башкарууга өткөрүү чечилмекчи.

Анткен менен стратегиялык тармакты жеке колго берүү өлкөнүн экономикалык өз алдынчалыгын жоготууга алып барышы мүмкүн экендигин, анан да бул маселе барып-барып социалдык проблемаларды курчутуудан башкага жарабастыгын айрым адистер белгилеп келатышат.
XS
SM
MD
LG