Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

RWB:ОРУСИЯ СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА КАЛГАН ӨЛКӨЛӨР КАТАРЫНДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Адам укугун коргоочу «Чегарасыз кабарчылар» эл аралык уюму ар жыл сайын жарыялап туруучу докладын жарыкка чыгарды. Ал жерде 2007-жыл ичинде басма сөз эркиндигинин абалы кандай болгондугу талдоого алынат. Анда Орусияда журналисттердин абалы бардык жактан кыйындай баштаганы көргөзүлгөн.

«Чегарасыз кабарчылар» уюмунун докладында «айрыкча кыйын кезең авторитардык режим түзүп алган мамлекеттердин журналисттеринде» экенин, алардын арасынан Орусияда абал абдан катаал экенин белгиленген. Мисалдар менен бышыкталган жеринде Самарада «Новая газетаны» жабылышы, анын баш редактору Сергей Курт-Аджиевдин куугунтукталышы, Ингушетияда журналисттердин кармалып сабалышы, журналисттер Пол Хлебников, Анна Политковская, Иван Софронов жана башкаларды аткандардын табылбай жатканы айтылат.

"Биз 2007-жыл ичинде болуп өткөн басма сөздүн көз карандысыздыгын чектеген ушундай окуяларга күбө болдук. Журналисттер көчөгө чыккан оппозиция арасында болуп калганы үчүн кармалууда, көз карандысыз маанайдагы басылмалар жабылууда, кай бир журналистер акылы айныгандар дарыланчу ооруканага бийлик күчтөп жаткырылууда. Ушулардын баары президенти шайлоо алдында бийликтин басма сөз эркиндигин баштагыдан да катуу ооздуктоо аракетинен улам болгону билдирип турат», - деген Берлинде болгон жыйында «Чегарасыз кабарчылар» уюмунун мурдагы советтик республикалар жана Европа бөлүмүнүн жетекчиси Эльза Видал.

Орусияда азыр басма сөз эркиндиги гана эмес, абдан олуттуу маселе журналисттердин керт башынын коопсуздугу экенин журналистер эл аралык федерациясынын баш катчысы Уайт Айден айткан.

Чындыгында эле президент Путин бийликке келгени өлкөдө 20 журналист киши колдуу болуп өлүштү. Күч органдары алардын көзүн тазалашкандарды эмдигиче кармай элек.

«Мен Орусияда жарандар коому калыптана элек экенин жакшы түшүнөм. Ал эми Орусиянын журналисттер союзу - өкүмөткө баш ийбеген, бир ууч көз карандысыз уюмдардын бири. Бул өлкөдө эгерде сен көз карандысыз болсоң? сени опозиция экен деп санайт» - деген «Азаттыкка» берген маегинде Айден Уайт.

Кремлдеги бийлик өзүнө жакын журналисттерди кадырлап, жакпагандарга кысым көргөзүү болорун айтат. 2006-жылы 7-октярде өз босогосунун алдынан атып кеткен Анна Политковская тууралуу айткан пикиринде, президент Путин маркумга кайгырбай эле, "бул өлүм азыркы бийликке анын жазгандарына караганда алда канча жамандык жана зыян алып келет», деп кейигенин жашырган эмес.

Талдоого 169 мамлекеттин басылмаларында түзүлгөн шарт жагдай алынган. Орусия 144 оорунду ээлеп, Ооганстан, Йемен, Тунис, Руанда менен катарлаш болуп калган.
XS
SM
MD
LG