Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

«Кумтөр долбоорунун жаңы шарттары жөнүндөгү» макулдашууну ратификациялоого Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер жана парламенттер аралык байланыш комитети макулдук берген жок жана ратификациялоо мөөнөтүн узартууну өкмөткө сунуш кылды. Буга чейин бул маселени эки комитет талкуулап, бирок бир пикирге келе алган эмес. Кыргыз өкмөтү менен «Центерра голд» ишканасынын ортосунда өткөн жылдын 30-августунда түзүлгөн макулдашууну ратификациялоо мөөнөтү 15-февралга белгиленген болчу. Маселенин создугушун айрым адистер Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы турган күчтөрдүн аракети катары баалашууда.

Кумтөр алтынын иштетүү боюнча кошумча макулдашууга тараптар экс-премьер министр Алмаз Атамбаевдин тушунда Москвада, Түркияда жана Бишкекте жүргөн үч баскычтуу сүйлөшүүнүн тыянагы менен келип, Кыргыз өкмөтү Кыргызстан үчүн бул макулдашуу Николай Танаевдин учурунда кабыл алынган макулдашуудан алда канча пайдалуу деп эсептешкен. Мурдагы парламент талкуулап аягына чыкпай калган бул макулдашууну азыркы парламент кайра башынан териштирип, аягына чыга албай жатат.

Маселен, бул маселени талкуулаган Эл аралык мамилелер жана парламент аралык кызматташтык комитетинин отурумунда чындыгында эле жоопторго караганда суроолор көп болду. Депутаттар ириде макулдашуунун айланасында ачык-айкын, так маалымат жок деп тынчсызданышты.

Отурумга катышкан Бюджет, экономика, каржы комитетинин төрагасы Аскар Шадиев маселеге тактык киргизүүнүн жолун алтын кенди иштетүү боюнча иштеген мурдагы биринчи вице-премьер министр Данияр Үсөнов, мурдагы премьер-министр Алмаз Атамбаев жетектеген комиссиялардын иштерин салыштырып кайра кароону сунуш кылды:

- Мен бир нерсеге түшүнбөйм. Ушул долбоорго эч ким так маалымат берген жок. Биз карагандан кийин каржы полициясы иш козгоду. Бир нерсе болбосо козгобосо керек эле деп ойлоп атам.

Чынында эле ратификацияланбаган макулдашууну пайдаланып, анын арты менен чоң өлчөмдө салык жашырган деген шек менен Кумтөр ишканасына каршы Каржы полициясы иш козгогон. Ушул эле мекеме Кумтөргө байланыштуу кызматынан ашыкча пайдаланды деп, экс-премьер-министр Николай Танаевге да иш козголгон.

Депутат Бакыт Бешимов комитетте козголгон кылмыш иштери макулдашууну ратификациялоого түздөн-түз таасир этет деп билдирди. Кумтөр алтын кени менен канадалык ишкананын макулдашууларына башынан каршы болуп келаткан Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков көз карашын комитетте дагы бир ирет далилдөө аракетин жасады:

- Азыркы Кумтөрдүн иштеп атканы мыйзамсыз, урматтуу депутаттар. Танаев түзгөн эки келишим тең мыйзамсыз. Башкы макулдашуу боюнча өткөн жылдын 10-майында эле Кумтөр Кыргызстандын менчигине өтүш керек болчу. Фабрикасы Кыргыз Республикасынын башкаруусунда деп турат. Ошон үчүн буга кайрылып келишибиз керек.

Кумтөргө байланышкан макулдашууну аталган комитет ушуну менен үчүнчү ирет карады. Комитеттеги талкууга караганда, ишканага байланышкан маселелер улам тереңдеп, аягына чыкчу түрү жок. Айрым байкоочулар муну көшөгө артындагы оюндар менен байланыштырууда. Ар кандай жоромолдор менен коштолгон мындай имиштин чекесин комитет отурумунда жаш депутат Алишер Мамасалиев чыгаргандай болду:

- Кандайча мындай болуп калды? 11-январдан бери өкмөт дагы, депутаттар, айрым саясий лидерлер ратификациялоо керек, бул Кыргызстан үчүн керек, эл аралык соттордо утулуп калабыз деп атышкан. Чечим кабыл аларга бир күн калганда бардыгы 180 градуска бурулуп, муну жасоого болбойт деп калышты. Мен анчалык тажрыйбалуу депутат жана саясатчы эмесмин. Мен өзүмдү кимдир бирөөлөрдүн оюнундагы «пешкадай» сезип атам.

Комитет төрагасы Эрик Арсалиев маселенин тереңдешин маселенин татаалдыгы жана ага канадалык ишкананын кайдигер мамилеси менен түшүндүрүү аракетин жасады. Чынында эле Кумтөр ишканасында кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар деген божомолун саясий жана коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев «Азаттыкка» билдирди:

- Мунун артында үчүнчү күч туруп калдыбы деп турам. Бул күч кыргыз элине, президентке каршы болуп калат. Биз мында миллиарддаган акчаны жоготобуз. Эң негизгиси эл аралык абройду жоготобуз.

Орозбек Дүйшеев Кумтөр ишканасынан азыркы кирешеден артык киреше алуу дымагын жомокко көбүрөөк окшоштурууда. Анткен менен, Жогорку Кеңештин комитети макулдашууну ратификациялоону туура көргөн жок. Комитет ратификациялоо мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартып, бул аралыкта бир топ маселелерди чечүүнү өкмөткө сунуш кылды. Башкача айтканда өкмөт белгиленген мөөнөттө Салык тартиби жөнүндөгү, Концессия жөнүндөгү кошумча макулдашууларды, Монголиядагы алтын долбоору боюнча бардык макулдашууларды, Геологиялык запастар, казылган алтындын өздүк наркы, эсеби, алтынды сатуу баасы жана анын алдыдагы божомолу боюнча маалыматтарды парламентке берүүнү сунуш кылды.

2007-жылдын 30-августунда кабыл алынган эки тараптуу макулдашуу түзүү боюнча эксперттик топтун башчысы болгон экономика министри Акылбек Жапаровдун айтымында, эми үч комитеттин чечимин алып, өкмөт башчысы, мамлекет башчысы менен кеңешип чыккандан кийин чечим кабыл алынышы керек.

Кыргызстандын башкы кен байлыгынын айланасындагы маселе кандай өңүттө чечилери эми бүдөмүк болуп калды. Тараптардын мурдагы макулдашууларына ылайык макулдашуу парламентте 15-февралга чейин ратификацияланмак. Жаңы макулдашууда Кыргыз өкмөтүнө “Центерра голд” болуп кайра түзүлгөн канадалык ишканадан кошумча 15% акция алынары мурда маалымдалган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG