Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

Британ полициясы Бадри Патаркацишвилинин өлүмүн иликтейт


Британ полициясы грузиялык миллиардер жана оппозициячыл саясатчы капилеттен каза тапканына байланыштуу "баардык күтүүсүз өлүмдөрдөй эле болуп өткөн иштин жагдайлары шектүү деп эсептелерин" билдирди. Полиция өкүлүнүн айтымында, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн маркумдун сөөгү союлат. 52 жаштагы Бадри Патаркацишвили, маалыматтарга караганда, жүрөк талмасынан өткөн түнү каза тапты. Бул тууралуу анын жардамчылары бүгүн жарыялады. Патаркацишвили январда Грузиянын азыркы президенти Михаил Саакашвили жеңип чыккан мөөнөтсүз президенттик шайлоого сырттан туруп катышкан. Мекенинде ага 2007-жылдын ноябрындагы массалык толкундоолор учурунда мамлекттик төңкөрүш уюштурууну көздөгөн деген шек менен кылмыш иши козголгон. Ошондон бери ал өз эрки менен сүргүнгө кетип, Британия менен Израилде жашачу. Байлыкты 90-жылдары Орусиядан топтогон Патаркацишвили Грузиянын эң бай адамы катары эсептелчи.

XS
SM
MD
LG