Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

Сексуалдык кулчулук, жан багуунун амалынан жалчыбаган акыга кайыл болуп иштөө, балдарды жоокер катары пайдалануу. Бул проблемалар Адам аткезчилигине каршы күрөшүү боюнча Венада өтүп жаткан эларалык конференцияда кеңири талкууланууда. Адам укугун коргоочулардын эсебинде, аткезчилер адамдарды кулдай иштегенге алдап сатуудан жылына 32 миллиард доллар пайда көрүшөт.

Британия падышасы адамдарды кулга сатууга эки кылым мурда тыйуу салганы менен, алиге дүйнө өлкөлөрүндө адам аткезчилиги токтой элек. Муну адам укугун коргоочулар XXI кылымдын “кул соодасы” деп аташат.

“Бул биздин баарыбызды шерменде кылган көрүнүшкө каршы күрөшүүгө бел байлаган адамдар Венага чогулду”, деди БУУнун Маң аткезчилигине жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинин башчысы Антонио Марио Коста шейшемби күнкү ачылган жыйында. Форумда үч чоң маселе талкууланууда:

- Биринчиси, адамдардын аткезчилер алдындагы алсыздыгы же аларды аткезчилерге алдануусуна түрткү болгон жагдайлар. Экинчиси, адам аткезчилигинин масштабы жана сексуалдык жана кара жумушта эзүүнүн адамдын ден соолугуна тийгизген зыяны же баасы. Үчүнчүсү, БУУга мүчө өлкөлөрдү элдин аткезчилерге жем болчу катмарын коргоонун бирдиктүү стратегиясын иштеп чыгууга шыктандыруу, деп билдирет “Азаттыктын” кабарчысы Евген Томиюк:

Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, аткезчилик боюнча ачылган сегиз жүз иштин биринде гана кылмышкер жазасын алат. Бүгүн дүйнө жүзүндө 27 миллион адам кулдай маянасыз иштейт, иш ордунан эч жакка кете албайт, уруп- сабалып турат. 218 миллион бала чоң кишидей эзип иштетилет. 300 миң бала желдетчилик кылат.

Адам аткезчилиги Азия, Африка, Түштүк Америка түгүл Европада да тамыр жайган. Мисалы, Евробиримдикке мүчө Болгария менен Румыния адам аткезчилиги боюнча дүйнөдөгү эң жаман 11 өлкөнүн катарына кирет.

Аткезчилерге алданган адамдар бөтөн өлкөдө көбүн эсе мыйзамсыз иштегенин, аялдар болсо сойкулук кылууга мажбурланганын изилдөөлөр тастыктайт. Адам аткезчилигине, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү үчүн Брюссель чекараны күзөтүүнү дагы күчөтмөк болууда.

Коомчулук аткезчиликтин кесепттеринен кеңири кабардар болуп, ага каршы чогуу аракеттенбесе XXI кылымдын “кул соодасы” токтобойт. Ошон үчүн, Вена форуму күрөштүн жалпы стратегиясын иштеп чыкмакчы, деп билдирет Томиюк:

- Антонио Марио Коста дагы башка ораторлор калайыкка аткезчиликтин кесепетин терең түшүндүрүү да зарыл экенин айтышты. Бул иште маалымат каражаттарынын вазийпасы өтө чоң экени баса белгиленди.

Укук коргоочулардын айтымында, адам аткезчилиги жылына орто эсеп менен 32 миллиард доллар пайда табышат.
XS
SM
MD
LG