Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Австралиянын өкмөтү континенттин түпкү калкынан буга чейинки бардык жетекчилердин саясаты үчүн кечирим сурады. Өлкөнүн премьер-министри Кевин Радд муну “өткөндөгү каталыктарды оңдоонун алгачкы гана кадамы” деп атады. Өкмөт башчынын сөзү коомчулукта, айрыкча аборигендер арасында бир беткей кабыл алынган жок.

“Жашыл континенттеги” жергиликтүү калктын мүшкүлдүү тагдыры он сегизинчи кылымда – Австралияга европалык оторчулар келгенден тартып башталган.Ошондон берки бийликтин баары аларды адегенде чүйгүн жерлерден сүрүп, жашоо-тиричиликке оңтойсуз аймактарга көчкөнгө аргасыз кылган.

Андан соң 1910-жылдан тартып аларды мажбурлап “аргындаштыра” баштаган. Аборигендердин балдарын ата-энелеринен ажыратып, тарбия-таалим бергени аларды “ак жуумал” үй-бүлөлөргө жана мамлекеттик мекемелерге жөнөтүшкөн. Бул саясат 1970-жылдарга чейин улантылган. “Жоголгон муун” деген жоболоң сөз Австралияда ушундан калган.

Өлкөнүн премьер-министри Кевин Радд атайын чакырылган жыйында буга чейинки бардык өкмөттөр менен парламент мүчөлөрү үчүн “жоголгон муундар”, алардын урпактары менен унутулган үй-бүлөлөрү, бүткүл аборигендер алдында ырасмий түрдө кечирим сурады. “Мен өзүм кечирим сурайм, Австралиянын өкмөтү атынан кечирим сурайм,өлкөнүн парламенти атынан кечирим сурайм,” -деп айтты Радд.

Австралиянын мурдагы өкмөт башчысы Жон Ховард түпкү калкты мүшкүлгө салып, алардын маданиятын, салт-санаасын дээрлик жок кылган саясат үчүн аборигендерден кечирим суроодон баш тартып келген. Мындай позицияга өлкөдөгү калктын 30 проценти кошулат. Ошентсе да башкаруучу либералдар партиясы былтыр күздө көз карашын өзгөрткөн эле.

Кевин Радд: “Эми жалпы улуттун, Австралиянын тарыхында жаңы барак ача турган учур келди, өткөндөгү каталыктарды оңдоп, келечекке ишеним менен карап алгалай турган кезең келди”, - деп кошумчалады.

Австралиянын парламентинде азыр деле аборигендердин өкүлү жок. Мамлекет атынан чоң үзүр сураган ырасмий текстти жыйынга атайын чакырылган бир нече уруу башчыларына тапшырышты. Бул кадааны өлкөнүн бардык телеканалдары көрсөтүштү, премьердин сөзүн парламентте, анын сыртында жабалактап турган эл кол чаап, кубатташты.

Түпкү улуттун укугун коргогон активисттер бул окуяны кантсе да көп жылдан берки күрөштүн акыбетиндей кабыл алышты. Ал эми аборигендер жамаатынын көп лидерлери алар көргөн азап-жабырдын ордун өкмөт материалдык жактан жаппаган соң ооз жүзүндө кечирим сурагандын эмне кажети бар эле дегендей кыязда калышты.

Кевин Раддын кабинети түпкү калктын жашоо-турмушун жакшыртуу, социалдык жактан аларды коргоо жагынан былтыр ноябрда атайын программа кабыл алган. Аборигендер азыр баяш-аягы болуп 460 миң адамга жетет, жалпы калктын 2 процентин түзөт, элет жеринде жашайт, көпчүлүгү жумушсуз. Аборигендер “ак жуумалдардан” он жети жыл аз жашайт, алардын арасында өлүм-житим көп болот, аракечтик, маңчылык, шуркуялык кеңири таралган көрүнүш.
XS
SM
MD
LG