Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

КАЗАКСТАН: АЛТЫНБЕК САРСЕНБАЕВ АРАДАН КЕТКЕНИНЕ ЭКИ ЖЫЛ ТОЛДУ


Казакстанда оппозициянын таанымал өкүлү, белгилүү саясий ишмер Алтынбек Сарсенбаев киши колдуу болгонуна эки жыл толду. Анын өлүмү үчүн күнөөлүү деп эсептелгендер сот жообуна тартылганы менен бул иш алигиче казак саясатына көлөкө түшүргөн окуя бойдон калууда. Атүгүл казак президентинин мурдагы күйөө баласы, Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүгө президент Нурсултан Назарбаевдин өзү буйрук бергенин айтып чыккан жайы бар.

Маркум Алтынбек Сарсенбаевдин, анын айдоочусу менен жансакчысынын сөөктөрү 2006-жылдын 13-февралында Алматынын четиндеги Талгар районунун аймагынан табылган эле. Алар ок жеп, каза табышкан. Мунун алдында үч күн бою алардын дайын–дареги чыкпай жаткан болчу.

Ушул аптада замандаштары Алтынбек Сарсенбаевди эскерүү үчүн Алматыга чогулушту. Жыйында сөз алгандардын бири, оппозициядагы Социал –демократтар партиясынын лидери, парламенттин мурдагы төрагасы Жармахан Туякбай маркум тууралуу буларды айтат:

-1990-жылдары биздин мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калууда , аны бекемдөөдө, өлкөнүн саясий өнүгүшүнүн программасын иштеп чыгууда, мамлекеттин эл аралык аренадагы кадыр - баркын көтөрүүдө, жаңылыш жолдон сактоодо башкалардан көп иш жасаган жалгыз саясатчы болсо, ал Алтынбек Сарсенбаев деп айтаар элем.

Алтынбек Сарсенбаев оппозиция лидерине айланганга чейин Казакстандын маалымат министри, Коопсуздук кеңешинин катчысы, Орусиядагы элчиси кызматтарында иштеген.

Анын өлтүрүлүшүнө катышы бар деген айып Казакстандын күч органдары жалпысынан он адамды камакка алып, алды өлүм жазасына, калгандары узак мөөнөткө түрмөгө кесилди. Камалып, соттолгондор арасында парламенттин жогорку палатасы - Сенаттын аппарат башчысы Ержан Өтөмбаев, Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин атайын тобунун кызматкерлери болгон.

Кол алдындагылар оор кылмыш үчүн айыпталып, камакка алынганынан улам Сенаттын ошол кездеги төрагасы Нуртай Абыкаев, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Нартай Дүтбаев кызматынан чегинген эле.

Тергөөнүн тыянагына караганда, Сарсенбаеди өлтүрүүгө ал кезинде кемсинткенинен улам Сенаттын аппарат башчысы Ержан Өтөмбаев буйрук берген. Атүгүл 2006-жылдын мартында президент Назарбаев өзү парламентте, депутаттарга Ержан Өтөмбаевдики делген катты окуган болчу:

-Эч ким мени буга түрткөн жок. Эч ким менен макулдашкан жокмун. Көп жылдардан бери менде аны жек көрүүчүлүк сезими бар эле. Асыресе анын жиниме тийген, абийир, ар - намысымды кордогон макалалары чектен чыгарып жиберди деп жазыптыр. Адам болгондон кийин мындай жагдайлар боло берет го.

Кийинчерээк сот жараяны учурунда башкы айыпкер саналган Эржан Өтөмбаев жана өлтүрүүнү ишке ашырды деп эсептелгендиктен өлүм жазасына кесилген, милициянын мурдагы офицери Рустам Ибрагимов да тергөө учурундагы көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан эле. Ал эми Алтынбек Сарсенбаевдин бир тууганы Рысбек Сарсенбаев ининсинин өлүмүнүн артында башка жогорку мартабалуу адамдар турат деп эсептейт:

-Бул али толук чындык эмес. Өлтүрүүгө буйрук бергендер - мансаптуу адамдар, алар бири-бири менен кармашуда. Өтөмбаев да, Ибрагимов да алардын колундагы куурчактар. Буйрук бергендер ошол куурчактардын артында жашырынууда. Алар али табылган жок.

Айрымдар бул ишке Сенаттын ошол кездеги төрагасы Нуртай Абыкаевдин, президенттин ал кездеги күйөө баласы Рахат Алиевдин катышы бардыгын болжошкон эле. Алиев азыр Назарбаевдин кызы Дарига менен ажырашкан.

Казак соту аны бир катар оор кылмыштары үчүн айыптап, жакында сыртынан 20 жылга кести. Ал өзү элчилик кызматта иштеген Австрияда сүргүндө кала берүүдө. Былтыр октябрда "Азаттык жана Эркин Европа " радиосунун казак кызматына берген интервьюсунда Рахат Алиев Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүгө буйрукту өзүнүн мурдагы кайнатасы бергенин айтып чыккан:

-Алтынбек Сарсенбаевди жок кылууга буйрук 2006-жылдын февраль айынын башында Австриянын аймагынан, президент Нурсултан Назарбаев Клагенфурт шаарында эс алып жатканда берилген. Ал жерге бир нече саатка гана Нуртай Абыкаев келген.

Айтор, казак бийликтери үчүн Алтынбек Сарсенбаевдин сырдуу өлүмү жабылган маселе. Мамлекеттик маалымат каражаттары бул окуянын эки жылдыгында ооз ачышкан жок, болгону саналуу сандагы көз карандысыз маалымат каражаттары гана эскеришти.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG