Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

КЕСИЛГЕН КУЛАККА КЕСМЕ ИЛСЕ БОЛОБУ?


“Апта” гезити “Орусиядагы кыргыздардын өлүмүнө бийликтегилердин белеги себеп болдубу?”деген макала жарыялап, анда Кыргызстандын ичи-сыртын дуу кылып барып токтогон, кесилген кулак менен сөөмөйдү, болгондо да кайырчыдан тартып хан-бектерге чейин коргойт деген милийса өзү кескени анык болуп, ал гезиттерге чыкканын, мына ушул окуя Кыргызстанда жашап жүрүп тирүүсүндө кор болгон, селсаяк болуп жүрүп өлгөндөн кийин андан бешбетер кордолгон орус жаранынын кулагынын кыргыздар тарабынан кескилениши Орусиядагы улутчулдарга жетпей койду дейсиңерби деп суроо коюп, мына ушундай жол менен өлүктү кордоп, анын кулак, сөөмөйүн кестирип алып, кыргыз мыкчыгерлеринин бири-бирине белек кылып тартуулап жаткан жоруктары орус улутчулдарынын кыжырын кайнатпай коймок беле, айтор коррупциялашкан кыргыз бийлигинин ыйман, адеп-ахлакты аттап, криминалдык өң-түспөлгө өткөн ишмердигинин кээри ушинтип аргасыздан чет жерде жан багып жүргөн карапайым кыргыздарга тийип жатат", деп жазды.

“Общественный рейтинг” гезити көз карандысыз эксперт Болот Жунусовдун “Буйтканын ары жагында” деген рубрика алдындагы макаласын жарыялады. “Такыр баштар” деп аталгандар да орус элинин бир бөлүгү. Орустарда мамлекеттин күчү менен эрки кандай болорун жакшы билишет, бирок мамлекет эмнегедир өз эркин көрсөтө бергиси келбейт. Балким бул атайылап жасалып жаткан чыгаар. Ал эми ырасмий Бишкек менен Маскөө күн сайын бири бирине дос экенин касам ичкендей кайталап, ага карапайым элди ишендирүү менен алек. Ал арада Орусиядан кыргыз кыз-уландарынын цинктелген табытка салынган сөөгү кыргыз айыл-кыштактарына келгенин токтоталбай жатат. Эл достугу деген бул советтик үгүт. Эл достугу деген болбойт. Достук деген конкреттүү кишилердин бири-биринде гана болот деп белгилеген Жунусов мырза, катарына зөөкүрлөр, такыр баштар, ашынган улутчулдар, фащисттер менен расистер кирип, “Орус маршы” деп аталган бул майрам Кремль тарабынан –Элдик биримдик Күнү деп белгиленгенин, булардын урааны - “Орусия орустар үчүн!”,”Славяндык орус улуту үчүн!”,”Күч славяндарда, орустарда!” деген сөздөрдөн турарын, булар өткөргөн демонстрация атайын милиция менен коштолорун, 2007-жылдагы “Орус маршы” майрамына 5 миңге жакын улутчулдар катышканын, “Сова” деп аталган укук коргоо борборунун эсеби боюнча ушундайлардын эле кол салуусунан 50дөн ашуун орус эмес улутундагылар өлүп, 400 адам ар кандай жаракат алганын, орус улутчулдугунун тамыры Кремлде жатканын, орус бийлиги аны атайылап саясый процесттерге пайдаланып келатканын эксперттер далай ирет белгилешкенин баяндаган.

“Де-факто” гезитинин кабарчысынын суроолоруна өз Мекенинен куугунтукка алынып, башка өлкөдө баш калкалап жүргөн Эдил Байсалов жооп берип жатып, “Реформа үчүн” кыймылынын митинги президент К.Бакиев уюшкан кылмышкерлерге Борбордук аянтка митинг өткөрүүгө шарт түзүп берип, прокуратура ага иш козгоодон баш тартып, укук коргоочулар менен сот органдары шылкыйып туруп берип, президент өзү болсо, ошол 2006-жылдын 30-мартында Рысбек Акматбаевга чыккандан кийин башталганын, Бакиевди бүгүн бир гана нерсе - жеке бийлигин сактап калуу кызыктырарын айтса, ушул эле гезит аркылуу Азимбек Бекназаров президент Бакиев революциянын унутта калтырган талаптарын ыктыяры менен ишке ашырбаса, аны ишке киргизүү үчүн революциялык комитет марттын экинчи жарымынан тартып саясый акцияларды баштаарын, эгер бул талаптар да 24-мартка чейин аткарылбаса, 24үнөн кийин президентти “кет” дегенге аргасыз болорун белгилеп, ушул тапта ревкомду Кыргызстандын төрт тарабы колдоп жатканын, катары күн сайын арбып баратканын айтты.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG