Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:42

А. ЖЕКШЕНКУЛОВ: ТЫШКЫ САЯСАТ ӨЛКӨДӨГҮ ИЧКИ САЯСАТКА КӨЗ КАРАНДЫ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек “Акыйкат үчүн” кыймылы тарабынан түзүлгөн коомдук парламент жакында биринчи отурумун өткөрөөрү күтүлүүдө. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна “Саясат жана өнүгүү” фондунун жетекчиси, “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов жооп берди.

-Биздин маалыматыбыз боюнча, коомдук парламенттин алгачкы отурумунда парламенттин төрагасы, орун басарлары шайланат экен. Мына ушул тууралуу айтып берсеңиз?

-Кечээ координациялык кеңеш чогулуп, күн тартибин тактадык. Буюрса, 20-февралда чогулуп, эки маселени карайбыз: биринчиден, уюштуруу маселесин, төраганы жана анын орун басарын шайлайбыз. Андан кийин энерго секторду приватташтыруу маселесин карайбыз.

-Энергетика тармагын менчиктештирүүгө байланышкан маселени карайбыз, деп айттып өттүңүз. Белгилүү болгондой, сиздин кыймылдын айрым мүчөлөрү энергетика тармагын менчиктештирүүгө караманча каршы болууда...

-Эми ар кандай пикирлер бар. Бул үчүн биз адисттерди чакырып, алар докладдарды даярдап, бүгүнкү күндө жөн эле эмоциялар менен айта бербей, далилдеп, дүйнөлүк тажырыйбаны, сандарды, бүгүнкү энергетиканын абалын карап өз пикирлерибизди айтабыз деген ар кандай сунуштар бар.

-Коомдук парламент кайсы жактан каржыланат жана коомдук парламент менен иштешүүнү каалагандар кантип сиздер менен байланыша алат?

-Бүгүнкү күндө коомдук парламентке кызыккандар көп болуп жатат. Кечээ Таластан, Нарындан, Ысыккөлдөн, Өзгөндөн келип кетишти. 61-36-48 телефон номуруна чалса болот. Экинчиден, каржы маселеси тууралуу айтсам. Бүгүнкү күндө өзүңөр билгендей коомдук парламенттин мүчөлөрүндө кызматтык машинелер, айлыгы жана башка нерселери болбойт. Негизинен патриоттор, өз демилгеси менен Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн өзгөртүү киргизебиз, өз оюбузду айтабыз деген кишилер чогулуп жатат. Бул жерде бир айда бир-эки жолу жолуксак, кагаз маселеси, калем, интернет маселеси оңой эле чечилет. Анткени ошол парламент мүчөлөрү арасында алдын-ала кичине взнос төлөп, каржылайбыз деп сүйлөштүк.

-Тышкы саясат жөнүндө сүйлөшсөк. Бүгүн Кыргызстанга Египеттин тышкы иштер министринин орун басары Тамир Абделазиз Абдалла Халилдин келери күтүлүүдө. Айрым байкоочулар бул Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон берки мусулман араб өлкөлөрүнөн келип жаткан алгачкы жогорку расмий өкүл деп айтып жатышат. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Мурдагы тышкы иштер министри катары пикириңиз кандай?

-Бул сапардын жыйынтыгына караш керек. Кээде башка мамлекеттин өкүлдөрү келип-кеткенден кийин жакшы сөздөр айтылып, жакшы декларация кабыл алынса дагы, жарым, же бир жылдан кийин эч жыйынтык чыкпайт. Ошон үчүн азырынча айтыш эрте. Бирок негизинен биз араб дүйнөсү менен алакаларды мурун эле түзүп баштаганбыз. Менин оюмча, бул ишти уланта бериш керек.

- "Мурдагы президент Аскар Акаев Йерусалимде Кыргызстандын элчилигин ачуу тууралуу максатын айткандан кийин Араб өлкөлөрү биздин өлкөгө далысын салып калган” деген пикирлер айтылып жүрөт. Бул сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-Бул туура. Бирок муну Аскар Акаев айткан эмес. Аны азыркы министр Эднан Карабаев айткан. Муну тактап коюу керек. Ошон үчүн далысын салып койгон. Бул 1993-жылы, январда болгон окуя. 14 жылдан бери жакшы боло албай жүргөнбүз. Бирок азыр дагы айтыш кыйын. Анткени тышкы саясатты оңдош үчүн эң негизги ички саясатты оңдош керек.

-Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG