Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

2-февралда Жетиөгүз районунун “Кырташ” аймагынан токой чарба кызматкерлери тарабынан 43 аркарды атып, этин жүктөп келаткан кайберен бүлгүнчүлөр кармалып, иши тергөөгө берилген. Кызыл китепке киргизилген аркарларды атуу менен бүлгүнчүлөр өлкөгө 377 миң 540 сом зыян кылышкан. Учурда кайберендер төлдөө маалына жакын калганда болгон окуяны күч органдары иликтеп жатышат.

Аркар-кулжа Борбор Азиянын, айрыкча Кыргызстандын сыймыгы, жаратылышынын көркү болгон, Кызыл китебине кирген жаныбар. Аркар айрыкча чет өлкөлүк мергендер үчүн табылгыс кайберен. Себеби, дүйнөлүк мергенчилердин эл аралык көргөзмөлөрүндө Кыргызстандан атылган аркар- кулжанын мүйүздөрү дүйнөлүк рекорддорго жаңы чек койгон.

Ал эми аркардын терисинин баалуулугун жана бышыктыгын уз-усталар ооздон түшүрбөй айтып келишет. “Аркардын этин жегендин арманы жок” деген ылакап кеп эл арасында айтылып келсе, этинин дарылык касиеттери да айтылып жүрөт. Аркар-кулжанын касиеттери тууралуу “Манас” эпосунда да баяндалат.

Аркардын нык семизи 200 кг салмакты басып, алар үйүр-үйүр болуп, топтошуп жүрүшөт. Ошондуктан чет өлкөлүк мергендер бир аркарды атуу үчүн 15-20 миң АКШ долларын төлөп, аңчылык кумарга батып, баарына кайыл болуп, тоо-ташты аралап кеткендин жөнү бар.

Ал эми жергиликтүү мергендер аркар-кулжаны обу жок кырып, тукумун курут кылуудан кайра тартпай жаратылышка аяр мамиле кылууну эстен чыгарып жиберген учурлар арбын экенин адистер айтып жүрүшөт.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, Жетиөгүз районунун “Кырташ”аймагынан 43 аркарды бооз кезинде аткан кайберен бүлдүргүчтөр кармалып, кылмыш иши козголуп, тергелип жатат.

Өлкөнүн айлана чөйрөсүн коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси Алмаз Жээналы уулу Кыргызстанда аркар-кулжанын саны акыркы 10 жылда кескин азайып кеткенин айтып, браконьерлерге каршы күрөшкө чоң маани берүү зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, бир аркарды аткан адамга Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык 4 миң 320 сом гана айып салынат. Ошондой эле Жетиөгүздөн кармалган браконьерлерден дагы эч жерде катталбаган аңчылык курал да табылган:

-Бул жаратылышка болуп көрбөгөндөй чоң зыян. Эгер браконьерлер минтип жүздөп атып отурушса, аркарлардын Кыргызстанда 3 жылда эле тукум курут болот. Чыныгы мергендер кайберендин каргышынан коркуп, бооз кезинде аңчылык кылбайт. Мындай кылмыштын жолун бууп, бүлдүргүчтөрдү катуу жазага тартуу керек.

“Ак жол” фракциясынан парламент депутаты Жангороз Каныметов 43 кайберенди аткан браконьелер мыйзам алдында жоопко тартылып, алардын кылыгы башкаларга сабак болуу керек дейт:

-Мен буга таң калып, абдан кыжырланып, капа болуп жатам. Демек, бул жерде токой чарбасынын жетекчилерини да "үлүшү" барбы деген ой кетет. Кожожаш мерген да кайберендин каргышына калган. Бирди-экини атса болоор, бирок 40-50 аркар-кулжаны аткандар анык адамдык абийирин жоготкондор. Алар жазага тартылышы керек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG