Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

14:23 “Ак жол” партиясынын жаштар комитети алдыңкы уюм болууну көздөп жатат


“Ак жол” партиясынын жаштар комитети өлкөдөгү жаш уюмдар арасында алдыңкы болууну максат кылып, ишин баштаганын жарыялады. Бул тууралуу партиянын жаштар комитетинин төрага орун басарынын милдетин аткаруучу Сергей Макаров маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында “Ак жол” партиясынын жаштар комитетине 30 чамалуу жаштар уюмдары кирип, партиянын жаш мүчөлөрүнүн саны 9 миңге жетип калды. Жаңы түзүлгөн бул уюм партиялык мектепте жаш менеджерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди тарбиялоону, мамлекеттик органдарга жаштар саясатын жүргүзүүгө кол кабыш кылууну жана ар кандай денгээлдеги шайлоолорго жаштардан талапкерлерди сунуштоону көздөмөкчү. (IJz)

XS
SM
MD
LG