Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

ПУТИН ПРЕЗИДЕНТТИК ДООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КАНААТТАНАТ


Орус президенти Владимир Путин Кремлде салтка айланган жылдык пресс-конференциясын өткөрдү. Бул анын мамлекет башчысы катары ушундай мүнөздөгү акыркы маалымат жыйыны болду. Президенттик кызмат мөөнөтү аяктап жаткан Путиндин жоопторун угууга келген жергиликтүү жана чет элдик журналисттердин саны бул ирээт 1330тан ашты. Ага ички, ошондой эле тышкы саясаттын айрым талаштуу маселелери боюнча ондогон суроолор берилди.

Төрт жарым сааттан ашуунга созулган пресс-конференция тартуулаган мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Путин оболу сегиз жылдык президенттик доорунун жыйынтыгын чыгара кетти.

Ал өзүнүн эң ири жетишкендиги катары мамлекеттин аймактык бүтүндүгү менен биримдигинин жана орус экономикасынын рыноктук жаңы негизде калыбына келтирилишин эсептейт экен. Өлкөдө инфляция менен жакырчылыктын деңгээли жогору бойдон калышын саналуу сандагы кемчиликтери катары моюнга алган Путин жалпысынан президенттик доорунунун жыйынтыгына канааттанарын белгиледи:

-Мени Орусия Федерациясынын президенттигине эки ирээт шайлаган жарандар алдында жүзүм жарык деген ишенимдемин. Сегиз жыл боюу таңдан түнгө чейин көп калактуу кемедеги кулдай эле иштедим. Болгон күч –кубатымдын баарын сарптадым. Өз ишимдин жыйынтыктарына ыраазымын.

Мурда күтүлгөндөй эле пресс-конференциядагы суроолордун көбүндө Путиндин президенттиктен кетип жатышына басым жасалды. Эч убакта Конституцияны бузуп, үчүнчү мөөнөткө калуу оюна келбегенине токтолгон Путин мураскери Дмитрий Медведевдин жеке сапаттарын жана жетекчилик жөндөмүн жогору баалады. Эгер Медведев президенттике шайланып калса, анын алдында премьер-министр катары иштөөгө даяр экенин ишара кылды, бирок эми өлкөнү башкарууну Кремлдин сыртынан туруп улантат деген жормолдорду четке какты.

Ал эми тышкы саясаттын маселелеринен Путин өзгөчө АКШнын антиракеталык системасынын жабдууларын Чыгыш Европада, атап айтканда Польша менен Чехияда жайгаштыруу пландары жөнүндөгү суроолорго эмоцианалдуу жооп берди.

Путиндин айтымында, эгер бул пландар ишке аша турган болсо, Орусия ошол обьектилерди көздөй өз ракеталарын мээлөөгө мажбур болот:

-Биздин эксперттер бул система биздин улуттук коопсуздугубузга коркунуч келтирет деп эсептейт. Эгер ал пайда болсо, биз адекваттуу жооп берүүгө мажбур болобуз. Балким, ошондо биз ракеталык системаларыбыздын бир бөлүгүн бизге коркунуч туудурган ошол обьектилерди көздөй мээлөөгө мажбур болобуз. Аны биз курган жокпуз да. Муну жасабагыла деп өтүнүп жатабыз, бирок бизди эч ким уккан жок.

Көз карандысыздыгын жарыялары күтүлүп жаткан Косово маселесинде Путин Европаны кош стандартты карманып жатканы үчүн айыптады. Путиндин айтымында, Косовонун бул мүдөөсүн колдоо - "мыйзамсыздык жана ыймансыздык болот" :

-Кимдир бирөөнү таарынтып албаш үчүн бул тууралуу айткың келбейт. Бирок 40 жылдан бери Түндүк Кипр республикасы иш жүзүндө көз карандысыз мамлекет катары өкүм сүрүүдө. Эмне үчүн аны тааныбайсыңар? Силерге, европалыктарга дүйнөнүн ар кайсы аймагындагы окшош проблемага мындай кош стандарт менен мамиле кылуу уят эмеспи?

Путин ошондой эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун да сынга алды. Уюмдун шайлоолорго байкоо салган мекемеси - Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу Орусиянын 2-мартта өтүүчү президенттик шайлоосуна байкоочуларды жиберүүдөн баш тарткан эле.

Аталган мекеме мындай кадамынын жүйөөсүн орус бийликтери койгон шарттар шайлоого ЕККУнун стандарттарына ылайык байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк бербей тургандыгы менен түшүндүргөн. Путин мындай дооматтарды четке кагып, Орусияны окуткандын ордуна "өз аялдарына капуста шорпо кылганды үйрөтсүн", деп айтты.

Суроолордун бирине жооп берип жатып, Орусия Кансыз согуш дооруна кайтууну эңсебесин, өзөктүк ракеталарына "өзгөчө зарылдык" жаралган учурда гана кайрыларын кошумчалай кетти.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG