Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

15-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстандагы коллективдүү чарба бирдигинин түзүлгөндүгүн 1931-жылдын 15-февралында башталган Кыргызстан колхозчуларынын I съезди айгинеледи. Кыргызстанда 15-февраль советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарыш күнү катары белгиленет.

Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон тарта көчмөн калкты отурукташтыруу, кат-сабатын ачуу сыяктуу коомдук мааниси зор маселелер жүзөгө ашырылган. Калк отурукташа баштагандан тарта, аларды коллективдүү чарбаларга бириктирип, айыл-кыштактагы социалисттик өндүрүштүн пайдубалын түптөө жүзөгө ашырылган.

Кыргызстандагы коллективдүү чарба бирдигинин түзүлгөндүгүн 1931-жылдын 15-февралында башталган Кыргызстан колхозчуларынын I съезди айгинелеген.

Кыргызстандын илим-билим жактан жетилип, өз алдынча өнүгүү багытына түшүшүнө Ленинград шаары менен анда эмгектенген интеллигенция зор салым кошкон.



СССР Илимдер Академиясы менен Ленинград илим-изилдөө мекемелери биргелешип XX кылымдын 30-жылдарынын башталышында комплекстүү экспедиция уюштуруп, Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын иликтеп чыгышкан. Анын жыйынтыгы боюнча Ленинград шаарында илимий конференция өткөрүлгөн. Конференция Кыргыз АССРинде өндүрүш күчтөрүн жайгаштыруу маселесине арналып, анын иши 1932-жылдын 15-февралында соңуна чыккан.

Кыргыз ВКП (б) обкому менен контролдоо комитетинин IV бириккен пленуму 1933-жылдын 15-февралында ишин баштады. Пленумда жазгы айдоо компаниясы жана түшүмдүүлүктү арттыруу, мал чарбасын өнүктүрүү менен туруктуу тоют базасын куруу сыяктуу маселелер каралды.

Көрүнүктүү кыргыз советтик аскер ишмери, генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов 1927-жылдын 15-февралында жарык дүйнөгө келген. Генерал Москва районундагы Кепер Арык кыштагында туулган.

Эмгек жолун 1945-жылдан тарта мугалимдик кесиптен баштап, Мамлекеттик коопсуздук органына 1946-жылы жиберилген. Москвадагы Аскер-юристтик жогорку окуу жайын 1955-жылы бүткөрүп, 1961-жылы аталган комиттин Ош областы боюнча башкармалыгынын начальниги, 1967-жылдан тарта Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетини председатели болуп, Кыргызстан эгемендигинин башталгыч жылдарына дейре иштеди.



Кыргызстанда 15-февраль советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарыш күнү катары белгиленет. Бу күнү жер-жерлерде Ооганстанда курман болгон жоокерлерди эскерүү митингдери өткөрүлүп, согушка катышкан жоокерлерге жардам көрсөтүлөт.

Бу күнү 399-жылы философ Сократка өлүм жазасы чыгарылып, 1564-жылы италиялык физик, механик жана астроном Галилео Галилей, 1812-жылы америкалык ювелир Чарьлз Тиффани, 1861-жылы швейцариялык физик Шарль Гийом, 1922-жылы кыргызстандык жазуучу Якуб Хаваза, 1930-жылы белгилүү жазуучу, журналист Жапар Саатов, 1932-жылы сынчы, котормочу Кымбатбек Укаев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG