Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Эмдиги аптада Пакистанда парламенттик шайлоо болот. Айрым байкоочулар бийликтерге эл ичинде ишеним кескин азайганы, Беназир Бхуттонун өлүмүнөн кийин өлкөдө кооп-козголоң күч алганы быйылкы шайлоодо исламчыл партиялардын мүмкүнчүлүгүн арттырышы мүмкүн дешет. Башка бир эксперттер исламчыл күчтөрдүн ийгилигине ишенишпейт.

Мындан беш жыл мурдагы парламенттик шайлоону мусулманчылыктын бекем платформасында турган алты партия бириккен аракет кеңешине биригип, калк арасында, айрыкча Белужистан жана Түндүк-батыш чекара провинцияларында күч алган антиамерикалык маанайдын толкунунда өткөргөн эле. Быйылкы шайлоону алар ич ара араздашкан абалда тосуп жатышат.

Атап айтканда, бириккен аракет кеңешинен эки чоң фракция – Жаммат-е ислами жана Жамиат-е Улема-е Ислам Сами-ул Хак – бөлүнүп чыкты. Диссидентчил бул эки топтун бирине башчылык кылган Маулана Асматулла партиялык лидерлердин куйтулугу кокодон тойгузуп бүткөнүн, алардан биротоло кол үзгөнгө туура келгенин билдирди.

Асматулланын фракциясы Пакистандын ичиндеги куралдуу кагылыштарга каршы. Бул топ исламга парламент аркылуу кызмат кылууну, келечекте Ооганстандагы “Талибан” сыяктуу күчтүү кыймыл түзгүсү келет.

Диссиденттердин экинчи фракциясы болсо алдыдагы шайлоого катышкандан баш тартты, өз тарапкерлерин да добуш бербегиле деп үндөп жатат. Жаммат-е Ислами тобунун жетекчиси Хан Шаббир Ахмед президент Первез Мушарраф бийликтен кетмейинче, өлкөдө көз карандысыз шайлоо комиссиясы түзүлмөйүнчө Пакистанда дегеле эркин, адилет добуш берүү болоруна ишенбейт.

Жакында АКШнын эл аралык республикалык институту өткөргөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, Пакистанда калктын 70 проценттен ашыгы Мушаррафтын бийликтен кетишин каалайт экен. Суралгандардын 50 проценттен ашыгы маркум Беназир Бхуттонун элдик партиясын колдой турганын айтышкан. Мушаррафты колдогон Мусулман лигасына (Жинны фракциясына) добуш берчүлөр саны араң 14 процентти түзөт.

Беназирдин күйөөсү Асиф Али Зардари Пакистан элдик партиясы 18-февралдагы шайлоодон кийин президент Мушарраф менен кызматташканга даяр экенин ырастады. Зардари азыр оппозициянын экинчи лидери,экс-премьер Наваз Шарифтин партиясы менен бирге жалпы стратегия маселесин макулдашып жатат. Эки партия алдыдагы шайлоодо депутаттык мандаттардын 70 процентке жакынын утуп алышы ыктымал дешет.

Президент Мушарраф бейшемби күнү Исламабаддагы жыйында эмдиги аптадагы шайлоо эркин, адилет жана ачык өтөрүнө өзгөчө ишеним артып жатканын билдирди. Буга кошо ал өлкөдө тынчтыкты бүлүнткүсү келгендерди да эскертип, буга өкмөт эч убакта жол бербейт деп ишендирди. Мушарраф шайлоо күнү өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу милдетин армияга жүктөдү.
XS
SM
MD
LG