Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

ТУРСУНБЕК АКУНДАН КАНДАЙ АКЫЙКАТЧЫ ЧЫГАТ?


14-февралда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын жаңы акыйкатчысын шайлады. Парламентарийлердин көп добушун алуу менен ал кызматка мамлекет башчысы тарабынан сунушталган Турсунбек Акун шайланды.

Кыргызстандын эгемендик тарыхында экинчи жолу акыйкатчылык кызматка шайланган Турсунбек Акун Жогорку Кеңеш депутаттарынын добуш берүүгө катышкан 81 депутатынын 50 добушуна ээ болду.

Биринчи акыйкатчы болуп 5 жыл иштеген Турсунбай Бакир уулу 21 депутаттын колдоосун таап, жарышка түшкөн калган 3 талапкердин алды 3, арты 1 депутаттын добушуна ээ болду.

Көп добуш алып, эми 5 жыл бою Кыргызстандын акыйкатчысы боло турган Турсунбек Акун жарандар гана эмес, жалпы мамлекеттеги укук коргоо деңгээлин көтөрүү биринчи максаты экендигин добуш берүүдөн кийин билдирди:

- Эң биринчи жарандык коом, укук коргоо уюмдары менен жолугушуп, алар менен тегерек үстөл жыйынын өткөрүп, Акыйкатчы институтун канткенде эл аралык деңгээлге алып чыгабыз деген маселени талкуулайм. Алар өз сунуштарын айтышат. Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү башкы максат кылбайбыз, бирок бара-бара аны ишке ашырабыз.

Ал эми акыйкатчы болууга ат салышкан 5 талапкердин бири, “Акыйкат жолу” коомдук уюмунун төрайымы Бүайша Арстанбекова парламенттин колдоосу натуура болуп калды деп, себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Турсунбек Акундун акыйкатчы болушу эң опурталдуу чечим болду. Себеби, ал эки фронтко иштеген киши. Ал кечээги эле саясий окуяларда тиги жээк менен бул жээктегилерге бирдей иштеген. Ал Кыргызстанда Бермет Акаеванын буйруктарын аткарып жүрөт. Анткени, алардын бийликти кайра алуу боюнча эң чоң программалары бар. Жакында, апрель айында оппозициянын чоң революция жасайбыз деген максаттары бар. Ошонун ичинде Бермет Акаеванын чоң үлүшү бар.

Турсунбек Акун болсо, катардагы адамдын укугун коргоо жаатында аракет аксап жаткандыгын эске алуу менен кадимки жаран катары Бермет Акаеванын да укугун коргоо максатында аны менен Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында гана жолукпастан, аны коштоп Алматы шаарына чейин баргандыгын жашырган жок:

- Бермет Акаева менен жолугушканым чын. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова “Бермет Акаеваны мамлекет жаран катары куугунтуктап жатат. Мамлекеттен чыгып кетсе, биз чек арадан кылмыш ишин токтотобуз деп жатышат, аны бийликтин өкүлү катары көрүңүз” деди. Мен барып көрдүм. Чынында эле ага Улуттук Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кылмыш ишин ачкан. Мен мамлекет үчүн уялдым. Кечирим сурап, ал жерде гана жолукпастан Алматыга чейин узатып бардым да “кечирип кой, президент куугунтукка алган жок, Бакиевдин эч кандай тиешеси жок, биздин укук коргоо органдары бөрк ал десе баш алып жатышат” деп уялганыман Алматыга узатып бардым.

Анткен менен жаңы мөөнөткө шайланган акыйкатчы Турсунбек Акун алдына койгон максаттарынын өтөөсүнө чыгат деп ишенгендер менен арсар болгондор аз эмес.

Алардын бири, саясат таануучу Карыбек Байбосунов Турсунбек Акундун укук коргоо айдыңында жаңы кадамдарга барарына ишеними жокко эсе:

- Турсунбек Акундан акыйкатчы чыкпайт, себеби, анда билим, эл аралык тажрыйба жана юридикалык билим жок. Андан тышкары Турсунбек Акунда адамгерчилик жагынан аксап, мант бермей жагы көп. Ошон үчүн анын чыныгы акыйкатчы болуп кетерине ишенбейм.

Ал эми дагы бир саясат таануучу Орозбек Молдалиев Турсунбек Акундун адам укугун коргоо жаатында буга чейин топтогон тажрыйбасы Акыйкатчы институтун мындан ары өнүктүрүүдө мыкты өбөлгө болуп берет деген бекем ишенимде:

- Турсунбек Акун Акаевдин бийлиги убагында көп запкы жеп жүргон адам. Ошон үчун ал компетенттүү адам деп үмүт чоң. Анткени, президент алдында иштеп убагында деле өзүнүн калыс сөздөрүн айткандан танган жок.

Орозбек Молдалиев Акыйкатчы институту элге ачык жана калыс иштеп, акыйкатчыдан башка салым кошуп жаткан кызматкерлердин да эмгегин калыс баалоо зарылдыгын баса белгиледи.

Жаңыдан шайланган акыйкатчы Турсунбек Акун болсо, укук коргоочу катары мурдагы калыбынан жазбай, акыйкатчы эң ириде эл үчүн иштейт деп ишендирди:

- Акыйкатчы институтун эң биринчиден бири адамга же акыйкатчынын орун басарлары үчүн эмес бүткүл элге кызмат кылууга аракет кылам.

Анткен менен добуш берүүдөн президент тарабынан сунуш алып келгендигине карабастан жеңишке жетүү оңой болбогондугун Турсунбек Акун мойнуна алды. Бирок, оңой болбогондугу эмне менен салмактанаарын ачык айткан жок.

XS
SM
MD
LG