Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

ИРАН: РЕФОРМАЧЫЛ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ ШАЙЛООДОН ЧЕТТЕТҮҮНҮН АМАЛЫ


Иран бийликтери парламент депутаттыгына талапкерлерди өтө кылдат ылгоодо. Ислам Республикасына жана бийликтеги фундаменталист- осулгераянчыларга “жан дини менен берилгени ишенимдүү тастыкталбаган” 2400 чамалуу талапкерди 14- мартта болчу маанилүү саясый өнөктүккө катыш албайт. Электен өтпөй калгандардын көпчүлүгү саясый реформанын тарапкерлери. Алардын ичинде кечээки вице- президенттер, министрлер, парламент мүчөлөрү да бар.

Ирандын мыйзамдары боюнча талапкер адегенде Ички иштер министрлигинде катталат. Андан соң алардын ар бирин Шайлоо административдик кеңеши Чалгындоо министрлиги, полиция, сот жана коңшуларынан алынган маалыматтын негизинде электен өткөрөт. Ошондон кийин да соңку сөздү Камкордук кеңеши айтат. Бул электен өтпөй калып, адилеттик издөө натыйжасыз болгондуктан, демейде сотко бирин- серин гана талапкер доо арыз менен кайрылат.

Быйыл Шайлоо административдик кеңеши 7200 талапкердин 30 процентин жаратпай койду. Алардын ичинде мурдакы вице- президенттер, министрлер, атүгүл 1979- жылкы Ислам ынкылабынын көсөмү Аятолла Хомейнинин небереси Али Эшраки да бар. “Хомейнинин арбагына сөз тийдирбейм” деген Эшраки адилеттик издеп, сотко кайрылбасын билдирди.

Реформачыл Улуттук элдешүү партиясынын жооптуу кызматкери Масуд Солтанфиярдын маалымдашынча, алардын партиясыга кабыл алуунун биринчи шарты- исламга берилгендик. Ага карабай, Улуттук элдешүү партиясынын талапкерлеринин 70 процентин Камкордук кеңешинин купулуна толбой, шайлоого катышуудан четтеткен.

Мындай ылгоону Ирандын мурдакы президенти Мохаммад Хатами «катастрофа” деп атап, бул Ислам ынкылабынын жетекчилигин тынчсыздантчу кусамат иш экенин эскертти.

Камкордук кеңешинин ашыкча кыраакылыгы президент Ахмединежадка лоялдуу оңчул консервативдердин бир канатына да жаккан жок. “Акылы тайыз айрым мансапдарлар кээ бир талапкерлердин укугун тепсеп, аларды жаман атты кылууда ”, -дейт кеңешке жолдогон катында Парламенттин изилдөө борборунун башчысы, таасирлүү фундаменталист Ахмад Тавакали.

Талапкерлерди ылгоо өнөктүгүн пайдаланып, Ислам ынкылабынын гвардиячыл корпусунун жогорку даражалуу командирлери реформачыл саясатчыларга каршы ачык чабуулга өтүштү. Корпустун башколбашчылар штабынын акими, генерал- майор Хасан Фирузабади реформачыларды Батыш менен жакшы мамиле түзүүгө умтулат деп сындады. Ал, ошондой эле, жарандарды “Батыш менен жакындашууну көздөгөн адамдарга” добуш бербөөгө чакырып, “Кошмо Штаттарга үмүт арткандардын Мажилисте отуруусуна Кудай да тыйуу салат”, деп кулак какты кылды.

XS
SM
MD
LG