Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Өзбекстан менен Еврошаркет ортосундагы маанилүү сүйлөшүүлөрдү утурлай өткөн аптада өзбек түрмөлөрүнөн бир нече укук коргоочу активист бошотулду. Бул окуя көпчүлүк тарабынан адам укуктарынын абалын жакшыртуусу үчүн Батыштын расмий Ташкентке көргөзгөн кысымынын жеңиш менен аяктоосу катары бааланды. Бирок "унутта калган саясий айыпкерлер" да жок эмес. Алардын үй-бүлөлөрү Еврошаркет менен АКШны өзбек өкмөтү менен алдыда өтүүчү сүйлөшүүлөрдө ошол саясий айыпкерлердин тагдырын эске салууга чакырууда.

"Унутта калган саясий айыпкерлердин" көбү 1990-жылдары абакка түшкөндөр. Кезинде өзбек парламентинин депутаты болгон Мурад Жураев саясий айыпкерлердин таанымалдарынын бири. Ал өлкө көз карандысыздык алгандан кийин эле демократиялык кыймылды колдоп, кийинчерээк оппозициядагы "Эрк" демократиялык партиясына өткөн эле.

Мурад Жураев конституциялык түзүлүштү кулатууга аркеттенген деген айып менен 1995-жылы 12 жылга абакка кесилген, кийин жаза мөөнөтү алты жылдан эки жолу узартылган болчу. Анын жубайы Махмуда Жураева күйөөсү азыр Еврошаркет же адам укугун коргоочу батыштык уюмдар өзбек бийликтерине жолдогон тизмеден чыгып калганына нааразы:

-Соңку 14 жылдан бери мен дүйнөдөгү демократиялык мамлекеттердин баарына күйөөмдү бошотууга жардам берүүнү өтүнүп кайрылдым. Жок дегенде үй камагына чыгарууга көмөктөшүүнү сурандым. Бирок менин кайрылууларымдын баары жоопсуз калды. Мындай натыйжасыз аракеттерден акыр –аягында чарчап, азыр унчукпай калгам. Менин күйөөм демократия, демократия деп жүрүп түрмөгө түштү эле, эми демократиялык дүйнө тарабынан унутта калды.

Махмуда Жураева ошондой эле "Азаттыктын" өзбек кызматындагы маегинде түрмөдө жубайы кыйноого кабылганын, саламаттыгы начарлап бара жатканын белгиледи.

"Эрк" демократиялык партиясынын дагы бир жактоочусу, белгилүү өзбек жазуучусу Мамадали Махмудов 1999-жылдын февралында, Ташкенттеги бир катар жардыруулардан кийин камакка алынган. Ошол эле жылдын августунда конституциялык түзүлүштү жана президентти кулатууну көздөгөн деген айып менен 14 жылга абакка кесилген. Кийинчерээк анын түрмө мөөнөтү сотсуз эле узартылган. Анын жубайы Гулсара Махмудованын айттымында, күйөөсү Канада, Британия, Голландия, АКШ дагы жазуучулар уюмдарынын ардактуу мүчөсү болгонуна карабай эл аралык коомчулук унуткарып койду:

-Көптөн бери анын тагдырына эч ким кызыккан жок. Эл аралык уюмдар бир нече жыл мурда эле биз менен байланышууну токтоткон. Мен өзүм анын бошотулушу үчүн кандай жардам кыла аларымды билбейм. Жергиликтүү укук коргоочу активисттерге кайрылам, бирок ар убак биз иштеп жатабыз, жыйынтыгын күтүү керек деген окшош жооп алам.

1999-жылдын февралында Ташкенте болгон жардыруулардан кийин оппозициядагы "Эрк" партиясынын лидери, бир нече жылдан бери сүргөндө жүргөн Мухаммад Салихтин кичүү иниси Рашид Бекжон да камакка алынган. Туугандары менен укук короочулар анын автоунаасына курал менн наркозатты атайын кызматтар салып койгон деген ишенимде. Салих өзү сыртынан 17,5 жылга кесилген. Бир тууганы азыр да түрмөдө. Рашид Бекжондун жубайы Базаргүл Бекжонованын айтымында, бийлик өкүлдөрү андан агасына көө жабууну талап кылышкан:

-Сентябрда президенттин мунапысы жарыяланганда түрмө жетекчилери анын төшөгүнүн алдында бычак таштап коюшуп, ал табылгандан кийин бир нече ай жалгыз кишилик камерага отургузушкан. Бизди жолуктурушпады. Алар анын түрмө мөөнөтүнө жыл кошушпады, жогорудагай жаза эле анын мунапыс алуусуна жолтоо кылды. Бул биринчи эле жолу болуп жаткан жок.

Батыш тарабынан унутта калды деген дагы бир саясий айыпкер Санжар Умаров болушу мүмкүн. Мурдагы ишкер 2005-жылы Күнөстүү коалиция деген бирикме түзүп, өкмөттөн экономикалык реформаларды талап кылган эле. Ушундан кийин мамлекеттик мүлктү ээлеп алган, арам акчаны адалдаган деген айып менен 14 жылга кесилген. Умаровдун жубайы Индира Ниязова азыр балдары менен АКШда жашайт. Анын айтымында, Батыштын айрым өкмөттөрү Умаровдун бошотулушун тездетүүгө аракеттенүүдө, бирок мындай иштер Өзбекстанда тескери кабылданууда:

-Биздин кайрылууларыбыз да аларга жакпайт, бизге эскертишти. Жакында түрмөнүн башчысы уулума уюмдарга кайрылып, чуу салууңарды, чет элдик маалымат каражаттарына интервью берүүнү токтотпосоңор, атаңардын атүгүл сөөгүн да тапай каласыңар деп айтыптыр.

Айтор, мындай коркутууларга карабай Өзбекстандагы саясий айыпкерлердин зайыптары эл аралык коомчулука кайрылуусун улантууда, жана күйөлөрүнүн трагедиялык тагдыры унутта калбайт деп үмүттөнүшөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG