Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

МАМАЛАК, МАМАЛАК, КОЛУҢДА «БИЗДИКИЛЕР» БЕРГЕН ШОКОЛАД!


Орусияда балдар менен өспүрүмдөрдүн «Мамалактар», башкача айтканда «Оюнчук аюулар» кыймылы түзүлдү. Аны бийликчил «Биздикилер» («Наши») жаштар кыймылы түптөдү деген жоромол бар. «Мамалактар» кыймылына 7 жашка толгон тестиер балдар менен өспүрүмдөр кабыл алынат. Кыймылдын негиздөөчүлөрү «мамалактар» скауттарга эч окшошпойт дешүүдө. Анткени кыймыл балдарды адеп-ахлак, асыл-нарктарга эле тарбиялоону көздөйт. Бирок бул көрүнүштү Орусияда советтик мезгилдегидей кылып октябратчылар жана пионерлер кыймылын жандантуу аракетиндей кабылдап жаткандар да бар.

Учурда «Мамалактар» кыймылында 3000дей бала бар. Алар негизинен 7-15 жашка чейинки өспүрүмдөр. Бул балдарга кыймыл ичинде миңге жакын нускоочулар жол көрсөтүп турат. Алардын арасында Орусияда бийликчил деп эсептелген «Биздикилер» кыймылынан да жаштар бар. Бирок бул жаштар «Мамалактарды» түптөөгө «Биздикилер» кыймылынын тиешеси бар деген жоромолду четке кагып келет. 20 жаштагы «Мамалактардын» негиздөөчүсү Юлия Зимова мындай дейт.

«Жок. Мен азыр «Биздикилер» кыймылында комиссармын. Мага окшош бул жерде «Биздикилер» уюмунан дагы эки-үч киши эле бар. Мындан бөлөк ал кыймылга тиешеси барлар бул жерде жок. Башка шаарлардагы жетекчилер да бул кыймылдан эмес. Адатта нускоочулукка педогогикалык билим алып жаткан акыркы курстагы студенттерин кабыл алабыз. Алардын «Биздикилер» менен эч кандай алакасы жок.»

“Биздикилер” кыймылынын үч кабаттуу заңгыраган баш кеңсеси Москванын так ортосунан орун алган. Кызыгы, “Мамалактар” кыймылынын кеңсеси бул имараттын ичинде жайгашкан. Мындан улам канчалык ишенейин десең, да оюң башкага кетет.

“Мамалактардын” негиздөөчүлөрү кыймыл балдарды адеп-ахлак, асыл-нарктарга тарбиялоону эле көздөйт деп келет. Бирок кыймылдын алкагында “мамалактардын” кээ бир саясий иш-аракеттерге тартылышы мындан күмөн санатат.

Алалы, жакында Эстон элчилигинин алдында балдар бир жумага жакын жумуртка ыргытып, элчинин кетишин талап кылып турушту. Эстон бийликтери былтыр Улуу Ата Мекендик согуштун каарманына арналып тургузулган советтик аскердин айкелин Таллиндин борборунан четке жылдырышкан. Эстон бийликтери муну соңку учурларда айкел астында эстондор менен орустардын тирешүүлөрү көп орун алганынан улам ушундай чечимге келдик деп түшүндүрүшкөн.

“Биздикилер” жана башка жаштар уюмдары эстон бийлигинин бул чечимин Орусияны барк албастык деп баалашты жана алар Эстон өкмөтүн сөз менен да, Интернет аркылуу да болушунча сындашты. Алар бул аралыкта Кремлдин көмүскө колдоосуна ээ болгону жоромол кылынып келет.

Ал эми “мамалактар” тууралуу сөздү уласак, бейкүнөө балдар өткөн аптада Эстон элчилигинин алдына кандай максат менен чыгышкандыктарын өздөрү деле аңдай бербегендей . 7-8 жаштагы тестиер балдар эмнени түшүнүшсүн?

Ал арада серепчилер Орусияда балдарды мындай саясий ыпылас оюндарга аралаштыруу жакшы эмес жышаана экенин белгилешүүдө. Москвадагы Карнеги борборунун саясий серепчиси Маша Липман мындай дейт.

«Кандай жаштар уюмдары болбосун алардын жогорудан шыкакталышы советтик мезгил менен байланыштуу жосунсуз көрүнүштөрдү эске салат. “Биздикилер” тууралуу кеп кыла турган болсок, менин оюмча алардын кылган иш-аракеттери үчүн жазыксыз калып жатышы уюмдан шек туудурат. Алардын балдарга идеологиялык жетекчилик кылышы, менимче, абдан жагымсыз тенденция,» - дейт Маша Липман.

Жакында эле “мамалактардын” негиздөөчүлөрү Владимир Путинге балдарга үлгү катары иделогиялык лидер болуп бериниз деп кайрылышты. Путин азырынча бул сунушка жооп бере элек. Антсе да айрым серепчилердин оюна караганда, балким бул орунга Путиндин мураскери Медведев – кыргызча которсок Аюубаев болуп көбүрөөк жарашуусу ыктымал. Анткени Путинге караганда анын фамилиясы “мамалактарга” коошуп жатпайбы.

Элен Куленбекова, Прага

XS
SM
MD
LG