Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

11:08 Парламент кызматтык үй курууга өкмөттөн акча сурабайт


Депутаттар Жогорку Кеңештин отурумунда «Кызматтык турак үй жөнүндөгү» мыйзамга президент К. Бакиевдин каршылыгын колдошкон жок. Парламенттеги көпчүлүк этика комитетинин чечимин колдоп, депутаттар иштеп турган кезде жашагыдай кызматтык үй куруу зарыл деп эсептеди. Президенттин каршылыгын коргогон вице-премьер министр Досбол Нур уулу 2008-жылдын бюджети бекип калгандыгына жана быйыл жаратылыш кырсыктары көп болгондугуна байланыштуу депутаттарга кызматтык үй курууга каражатты келерки жылкы бюджетке киргизүү зарыл болуп жаткандыгын билдирди. Төрага Адахан Мадумаров парламент «өкмөттөн каражат сурабайт» деди. (BuS)

XS
SM
MD
LG