Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ОРГАНБЫ?


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымын шайлады. “Азаттык” үналгысынын бир катар суроолоруна Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Акылбек Сариев жооп берди.

-Кечээ БШКга мүчөлүккө жалаң “Акжол” партиясынан сунуш кылынган талапкерлер шайланды. Буга карата сиздин пикириңиз?

-Эми бул бардыгыбызга эле белгилүү болуш керек. Партия көрсөткөндөн кийин алар “партиянын тартиби менен иштейбиз” деп жатышпайбы, ошого жараша биз деле башынан эле алты киши берилет, алардын арасында биз жок экенибизди билгенбиз. Ошого карабай мурун-кийин иштешип жүргөндөн кийин биз деле талапкерлигибизди коюп, элдин ою кандай болот экен деп көрдүк.

-Ошол БШКнын мүчөлүгүнө мурдагы курамдагы мүчөлөр - сиздин кесиптештериңиз Жаркын Бапанова, Жеңишбек Акматов жана сиздин талапкерлигиңиз дагы көрсөтүлгөн экен. Бирок парламент мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болгон жок. Буга мурдагы БШКга мүчө болуп тургандагы позицияңар себеп болушу мүмкүнбү?

-Бирден-бир себеп ошол. Анткени биз деле башкаларга окшоп унчукпай кол көтөрүп отура берсек, башкаларга караганда жалпы тизмеге биздин мүмкүнчүлүк жогору болчу деп эсептейм. Бирок биз оюбуз болгондон кийин айтканбыз, айтабыз жана айта бермекчибиз.

-Дегеле Баш мыйзамда жазылгандай, БШК бирден-бир көз карандысыз бийлик органы болуп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы ушундай көз карандысыз органы деп буга чейин деле болгону күмөн туудуруп келген. Мындан ары кандай иш алып барышы мүмкүн?

-Эми мурда биз келгенче тынч эле болгон тартип бар экен. Отурумга алып чыгат, маселени колдоп беришет, эч кандай чыр-чатак болбойт. Кийин деле талашуу болбойт болуш керек. Табияты ошондой болот да. Тынч өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын бар экендиги дагы билинбей калышы мүмкүн.

-Мына эми БШКнын жарым мүчөлөрүн президент өзү дайындайт. Президент өзү деле мүчөлөрдү негизинен “Акжол” партиясынан алып келет деген пикирлер бар. Буга кошула аласызбы?

-Аябай иштеп берген БШКнын мүчөлөрү келиши мүмкүн азыркы курамдан. Азыр эки киши келди, дагы 2-3 адам кошулушу мүмкүн. Бирок негизинен ошол партия башкарып жаткандан кийин ошол тартипте деп айтып жатышат. Эми аягы жакшы бүтөбү, жаман бүтөбү – муну убакыт көрсөтөт.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG