Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

12:17Коргоо министрлиги аскер кызматкерлерине ипотекалык кредит берүүнү жактайт


Коргоо министри Исмаил Исаковдун бүгүн парламентте билдиргенине караганда, министрлик аскер кызматкерлерине турак үй курууга ипотекалык кредит берүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп жатат. Министр мурдагы Жогорку Кеңеш кабыл алган «Аскер кызматкерлеринин статусу», «Турак жайларды менчиктештирүү» мыйзамдарына ылайык пенсияга чыгуучуларга кызматтык турак үйдү жеңилдетилген тартипте берүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Анткени, жылына 500 аскер кызматкери пенсияга чыгат. Министрликтин карамагандагы кызматтык турак үйлөр иштеп жаткан аскер кызматкерлеринин үчтөн бирин гана жабдууга жетип жатат. Аларды турак жай менен камсыздоого 475-540 миллион сом керек болот, мынча каражат менен камсыздоого мамлекеттин чамасы келбейт дейт министр. Парламент президенттин аталган мыйзамдарга каршылыгын бүгүн колдоду.(BuS)

XS
SM
MD
LG