Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Т. АКУН: АКЫЙКАТЧЫ ИНСТИТУТУ БАРДЫК ДИНДЕРГЕ БИРДЕЙ КАРАШЫ КЕРЕК


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек 14-февралда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын жаңы акыйкатчысын шайлады. Депутаттардын көп добушун алуу менен ал кызматка мамлекет башчысы тарабынан сунушталган Турсунбек Акун шайланды. Акыйкатчы институтундагы реформалар жана өзүнүн алгачкы кадамдары тууралуу “Азаттык” үналгысына акыйкатчы Турсунбек Акун маек куруп берди.

- Акыйкатчыга талапкер болуп жаткан учурда сиз мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун ишине канааттанбаганыңызды билдирген элеңиз. Мындан ары сиз башында турган Акыйкатчы институту адам укугун коргоо жаатында кандай иш жургүзмөкчү?

- Эми биз мурдагы каталарды кайталабай, башынан баштап жаңыча иштейли деген ой бар. Буга чейин Акыйкатчы институту буту менен баспай, буту асманда, башы менен басып келишкен да. Тескерисинче, биз башын өйдө каратып, бутун ылдый каратып, таптакыр башкача иштейин деген оюбуз бар.

Биринчиден мына граждандык уюмдун өкүлдөрү, укук коргоочулар, коомчулуктун өкүлдөрү менен такыр иш болгон жок. Алар менен соттошуп, каймана болуп туруп алышкан. Ошон үчүн эң биринчи аракетибиз, ушу өкмөттүк эмес уюмдар, жарандык коом менен тегерек үстөл уюштурайын деп турабыз.

Канткенде баткакка батып калган Акыйкатчы институтун, эл арасында аброю кетип калган, “хизбутчулар” менен байланышып калган ошол Акыйкатчы институтун тез аранын ичинде оңдой алабыз? Мына ушул боюнча жарандык уюмдардын лидерлеринин пикирлерин угалы деп жатабыз.

- Мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна карата “исламчыл, мусулманчылыкты карманган адамдардын укугун коргоого басым жасайт” деген айыптар болуп келген. Сиз дагы Меккеге барып, ажы болуп келгениңиз белгилүү. Кыргызстанда бир нече диндин өкүлдөрү жашайт. Алардын укугун, бардык дин агымдарынын тең кароо жагы кандай болот?

- Мен ислам динине ишенген адаммын. Бирок ислам дини болобу, христиан жана буддисттер болобу, бир дагы дин Акыйкатчы институтуна кандайдыр бир таасирин тийгизбеш керек. Бардык динге Акыйкатчы институту бирдей карашы керек. Бардыгына бирдей аяр мамиле кылыш керек. Бир дагы диний өкүл, же диний агым бул институтка таасир берип, ушул институттун өзөгүн түзүп калбашы керек.

- Акыйкатчы институтунда кандай реформалар болушу мүмкүн? Мисалы штаттык кыскартуулар... Анткени сиз деле айтып журдүнүз эле азыркы Акыйкатчы институтунда ашыкча адамдар көп деп...?

- Акыйкатчы институту өзүңөр билесиңер, арыз менен иштөө конторасына айланып калган. Бул деген негизги максатына кирбейт.

Ошон үчүн Акыйкатчы институтунун эң чоң максаты мамлекеттин адам укугу жана эркиндиги боюнча чоң саясатын, концепциясын иштеп чыгып, анализ, мониторинг, байкоо жүргүзүш керек. Адам укугунун тебеленген фактыларын системага бөлүш керек. Тиешелүү органдарга табышташ керек. Бул үчүн албетте компетенттүү, адам укугу боюнча көп жыл бою эмгектенген, билимдүү, тажырыйбалуу адамдарды алышыбыз керек.

Өкмөттүк эмес уюмдардан, Акүйдөн мен менен иштеген көп жигиттер бар, жаңы адамдар бар. Ал эми эски иштеген адамдар кетет, кыскарат. Бул турган иш. Бирок мунун бардыгы мыйзамга ылайык, конкурстук комиссия, эксперттик топ түзүлүп, бардыгы мыйзамга ылайык, алардын эмгек укугу бузулбай жасалат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG