Буга байланыштуу Бишкектеги «Ататүрк» паркындагы курман болгон ооганчы-жоокерлердин эстелигинин алдында эскерүү-реквием болду. Ага Бишкек шаар мэри Данияр Үсөнов, чегара кызмат башчысы Замир Молдошев жана Ооган согушунун ардагерлери катышып, алар мекенине кайтпай калгандарды эскеришти. Советтер Союзунун курамында 70-жылдардын этегинен баштап Ооганстанга жөнөтүлгөн аскерлердин катарында кыргызстандык 7141 жоокер болгон. Алардын 252си окко учуп, 1500дөн ашык жоокер жарат алышкан жана 583си майып болгон. 4 жоокер дайынсыз жоголгон. (BuS)