Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

БШК “АК ЖОЛ” КААЛАГАНДАЙ КУРАЛУУДА


Шайырбек Эркин уулу , Бишкек Кечээ Жогорку Кеңеште конституциялык соттун төрайымы жана акыйкатчы менен кошо Борбордук шайлоо комиссиясынын 6 мүчөсү да шайланды. Бирок БШК мүчөлүгүнө «Ак жол» фракциясынын гана талапкерлери өтүштү. Талкуу учурунда азчылыкты түзгөн башка фракциядагы айрым депутаттар бир партиянын минтип үстөмдүк кылышы калыстыкка жатпастыгын, мындай учурда БШК чыр-чатактардын булагына айланаарын белгилешип, 2005-жылдагы март окуясына да адилетсиз чечимдер себеп болгонун эске салды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын парламент тарабынан шайланчу 6 мүчөсүнүн ордуна бардыгы 20 талапкер сунушталып, алардын бирөөсү өз талапкерлигин алып салды. «Ак жол» фракциясы бул орун үчүн 6 талакер сунуштап, калгандарыбашка депутаттар тарабынан көрсөтүлгөн. Ошентип депутаттар 19 талапкер үчүн добуш беришти.

Алгач талапкерлерге сөз берилди. Маселени кароодо БШКнын буга чейинки курамынын мүчөсү Акылбек Сариевдин талапкерлиги боюнча бир топ талаш тартыш болуп, «Ак жолдун» жаш депутаты Алишер Мамасалиев Сариевди оюн ачык айткан, принципиалдуу адам катары баалап, бул талапкерди колдоорун айтты. Төрага Адахан Мадумаров андан эмне үчүн фракциянын чечимине макул эместигин сураганда жаш депутат ага «сиз азыр мамлекеттик катчы эмес, төрагасыз, мен фракциянын тартибине гана баш ийем» деп жооп берип, экөө кайым айтышканга чейин барышты.

СДПнын депутаты Ирина Карамушкина болсо «парламенттик шайлоонун жыйынтыгы биздин жарандар үчүн таза шайлоо деген кагазда, мыйзамды сыйлоо сөздө гана калганын көрсөттү, азыр бир гана партиянын кызыкчылыгы корголууда» - деп айтты эле, «Акжолчу» депутат Кубаныч Жолдошев дароо ага макул эместигин айтып чыкты:

- Шайлоо өз нугунда, Конституциянын, шайлоо кодексинин негизинде өттү. «Ак жол» менен бирге азыр СДП, Коммунисттер фракциялары отурат. Бул демократия эмеспи? Эгер башка жол менен кетсе 90 депутаттын баары «Ак жолдон» болсо деле болот эле.

СДПнын дагы бир депутаты Иса Өмүркулов болсо БШК курамына бир гана партиянын талапкерлери келиши калыстыкка жатпастыгын белгиледи:

- Парламентте «Ак жол», өкмөттө «Ак жол», БШКда «Ак жол»… Калыстык үчүн башка партиялардан да кошуш керек. Эгер баары бир партиядан болсо ал ошол партиянын гана кызыкчылыгын коргойт. Мындай болсо БШК кийин чыр-чатактын булагы болушу мүмкүн.

Иса Өмүркулов ошондой эле 2005-жылдагы март окуясынын чыгышына да дал ушул БШКнын адилетсиз чечимдери себеп болгонун эске салды.

Ошентип жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында «Ак жол» сунуштаган Гүлнара Исабекова, Абдыжапар Бегматов, Самат Борубаев, Чынгышбек Исмаилов, Алексей Елисеев жана Мирбек Жакыпов БШК мүчөлүгүнө шайланганы белгилүү болду. Мындай жыйынтык жарыяланган соң депутат Исхак Масалиев гендердик теңчилик боюнча мыйзамдын талабы бузулганын айтып чыкты:

- Гендердик теңдик боюнча кеминде 2 мүчө башка жыныстан болуш керек. Мындай талапты биз аткарбадык.

Талапкерлиги өтпөй калган БШКнын мурдагы курамынын мүчөсү Жеңиш Акматов болсо мындай жыйынтык алдын ала эле белгилүү болгонун айтат.

- Бул күтүлгөн жыйынтык. Добуш берүү учурунда да олдоксондукка жол берилди. Себеби Кыргызстандагы бардык шайлоолордо бюллетенге талапкерлер алфавиттик тартипте жайгаштырылат. Бул жерде болсо «Ак жодун» талапкерлерин өзүнчө бир топ кылып, бөлүп коюшту… Эми ийгилик гана каалайбыз.

БШКнын кемчиликтерин ачык айтып келген мурдагы мүчөлөрдүн дагы бири Акылбек Сариев парламенттеги негизги фракциянын аракети кандай болсо эми БШК да ошондой болот деген ойдо.

Ошентип БШКнын Жогорку Кеңештен шайланчу курамы «Акжол» партиясы сунуштаган талапкерлерден гана куралды. Мыйзам боюнча эми БШКнын калган 6 мүчөсүн президент дайындашы керек.
XS
SM
MD
LG