Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Айрым саясатчылар парламент Борбордук шайлоо комиссиясынын алты мүчөсүн “Ак жол” партиясынан шайлаганына кайчы пикирлерин билдиришүүдө. Алар БШКнын курамынын көпчүлүгү бир партиядан түзүлгөнүн жана мамлекеттик кызмат иштери боюнча кеңештин төрагасы менен мүчөлөрү да “Ак жол” партиясынан көрсөтүлүшүн мурдагы Советтик режимге кайрылуу катары эсептешүүдө. Мындай пикирге “Ак жол” партиясынын парламенттеги депутаты Кубанычбек Исабеков макул эмес. Анын айтымында, дүйнөлүк тажрыйбада шайлоодо жеңишке жетишкен партиялар өздөрүнүн өкүлдөрүн бийлик органдарына дайындайт.

Саясат таануучу Нур Омаровдун көз карашында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө парламенттеги үч партиянын өкүлдөрү теңме-тең шайланса саясий калыстык болуп, кийинки шайлоолорду ачык, айкын өткөрүүгө аз да болсо өбөлгө болмок. Анын айтымында, бир партиялуулук жакшылыкка алып келбейт. Себеби партиялар ортосундагы конкуренция жоголуп, мыйзамдар бир партиянын же бир адамдын таасири астында жазылып, кабыл алына берет.

-Чындыгында узак мөөнөткө бир партияны монополия кылууну бекемдөөгө аракет кылынууда. Азыркы мисал, БШКдагы бир партиянын өкүлдөрү кийинки бардык шайлоолордо бир гана партиянын кызыкчылыгын көздөп калат.

Омаров белгилегендей Борбордук шайлоо комиссиясы негизинен мамлекеттеги бирден-бир калыс орган болушу керек.

СДПнын парламенттеги депутаты Иса Өмүркулов дагы саясатчынын пикирин колдоп, Жогорку Кеңештен БШКнын мүчөлүгүнө шайланган «Ак жол» партиясынын алты өкүлү бир гана партиянын кызыкчылыгын көздөп калат деген ойдо.

-БШКнын мүчөлүгүнө ар бир партиянын өкүлдөрү шайланышы керек эле. Шайлоого катышпаган партиялар. Ошону менен бирге шайлоого катышып өтпөй калган партиялардан, парламенттеги партиялардан бирден өкүлдөрдү шайлаганда бул орган калыс, акыйкат орган болмок.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрага орун басары, «Ак жол» партиясынын парламенттеги депутаты Кубанычбек Исабеков алардын пикири менен макул эмес. Анын айтымында, БШКнын мүчөлөрүн шайлоого ар кайсы уюмдар көрсөткөн 19 талапкер ат салышып, алардын ичинен «Ак жол» партиясынын алты өкүлү көпчүлүк добуш менен шайланышты. «Дүйнөлүк тажрыйбада шайлоодо уткан партия өзүнүн маселесин биринчи коюп, жеңишке жетишет»,- дейт Исабеков.

Айрым талдоочулар мамлекеттик кызмат иштери боюнча кеңештин төрагасы жана мүчөлөрү да «Ак жол» партиясынан шайланса, аткаруу бийлиги, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери жалаң бир партиянын өкүлдөрүнөн дайындалса демократиялык принциптерге туура келбестигин айтышууда.

-Бир партиялуулукка кадам таштоо, бул-демократиядан баш тартуу, демократия системасын жоюу. Мындайча айтканда мурдагы Совет мамлекетиндеги режимге келчүүдөй болуп калдык окшойт, -деди СДПнын парламенттеги депутаты Иса Өмүркулов.

Айрым талдоочулар жетимиш жыл аралыгында бир партиялык система бир адамга сыйынуучулукка, тоталитардык режимге алып келгенин, Кыргызстандын келечегине терс таасирин тиийгизерин белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG