Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

18:47 Советтик аскерлер Ооганстандан чыгарылган күнгө арналган митинг Жалалабатта өттү


Салтанаттуу митингге ооган согушунун ардагерлери менен бирге эки жүздөй адам катышты. Ооганстанда курман болгон жоокерлердин арбагына куран окутулуп, салют атылып, эстеликтерине гүлчамбарлар коюлду. Ооган апаатына облустун 1276 тургуну катышкан. Алардын арасынан 28 адам ошол жакта курман болгон. Алардын ичинде Базаркоргон районунун тургуну Мир Исламов да болуп, өлгөндөн кийин ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылып, аты мектепке коюлган. Ооган ардагерлер кеңешинин төрагасы Орозбек Шеркулов ооган алааматында алган залакадан улам согуштан кайтып келгенден кийин жүздөн ашуун адам көз жумгандыгын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG