Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ КОСОВО МАСЕЛЕСИНДЕ ЭКИГЕ БӨЛҮНДҮ


Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде кечээ Коопсуздук Кеңешинин Косово боюнча чукул жыйыны болуп өттү. Талкуунун жыйынтыгы кеңештин мүчөлөрү арасында бул проблемада бирдиктүү позиция жоктугун көрсөттү. Чукул жыйын Сербиянын талабы менен чакырылган эле. Жыйынга кеңештин мүчөлөрүнөн тышкары элүүдөй өлкөнүн өкүлдөрү да катышты.

“Косовонун эгемендигин Сербия эч качан тааныбайт, бүгүн да, бир жылдан кийин да тааныбайт”, - деп айтты жыйында Белграддын тышкы иштер министри Вук Еремич. А кокус Косово бир тараптуу түрдө көз карандысыздыгын жарыяласа, анда Сербия ага каршы күч колдонбойт. Белград провинциянын бөлүнүшүнө жол бербөө үчүн мүмкүн болгон бардык дипломатиялык,саясий жана экономикалык чараларды көрөт.

Еремич Косовонун соңунан дүйнөнүн көп өлкөлөрүндөгү улутчул сепаратисттик күчтөр да активдешерин эскертти. Ошондуктан ал талкуунун катышуучуларын “Улуттар Уюмунун уставын, Коопсуздук кеңешинин тийиштүү резолюциясын, эл аралык укуктун бардык негизги принциптерин коргоодо Сербияга кошулууга” чакырды.

Сербиянын позициясына адаттагыдай эле Россия бекем колдоо билдирди. Орус элчиси Виталий Чуркин Косовонун эгемендик мүдөөсүн ырасмий түрдө мыйзамсыз деп жарыялоону сунуш кылды. Орус элчиси кеңештин айрым мүчөлөрү, атап айтканда, АКШ менен Евросоюздун кээ бир өлкөлөрү гана Косового байланыштуу белгилүү бир саясат жүргүзүп жатышканын, кеңештин калган мүчөлөрү арасында алардын таптакыр колдоосу жоктугун белгиледи.

Москвадагы маалымат жыйынында президент Путин да Косовонун өзгөчөлүү жагдайы жөнүндөгү Батышта айтылып жаткан кептерди “сандырак сөз” деп атаган эле.

Косовонун эгемендигин Коопсуздук кеңешинин беш мүчөсү – АКШ,Британия, Франция, Белгия жана Италия колдоого даяр, калган он мүчөсү, алардын ичинде Россия жана Кытай буга каршы.

АКШнын туруктуу элчисинин орунбасары Алехандро Волф провинциянын эл аралык көзөмөлдөгү көз карандысыздыгын сунуш кылган Марти Ахтисааринин планын колдогон Вашингтондун баштагы позициясын дагы бир жолу бышыктады. Ушул жол гана косоволуктар менен сербдердин жакшы келечегин камсыз кыла алат, алардын евроатлантикалык структураларга кошулушуна алып келе алат, деп айтты америкалык дипломат.

Косоводо албан калкы бийликтер провинциянын көз карандысыздыгын ушул жекшембиде же алдыдагы дүйшөмбүдө жарыялайт деп күтүнүп жатышат. Буга Белград да өзүнчө камынууда. Өкмөт кечээ атайын документ кабыл алып, Косово көз карандысыздыгын жарыялар замат күчүнө кире турган иш чараларды белгиледи.

XS
SM
MD
LG