Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

19:07 Кыргыз жарандарына кастык фактыларын иликтөөнү Орусияда ИИМ башчысы көзөмөлгө алды


“Орусия Ички иштер министрлигинин тиешелүү бөлүктөрүнө бул кылмыштардын бетин тезинен ачууну тапшырдым. Күнөөлүүлөр жазага тартылат”, - деп билдирди Рашид Нургалиев Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов менен болгон телефондук сүйлөшүүдө. Токон Мамытов президенттин тапшырмасы боюнча Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев жана Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Валентин Соболев менен байланышка чыгып, кыргыз жарандарына кол салуу фактылары көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Валентин Соболев орус тарап кыргыз өкмөтүнүн тынчсыздануусун түшүнүү менен кабыл алып жатканын белгилеп, мындай кылмыштар “Орусиянын улуттук кызыкчылыктарына залакасын тийгизүүдө” деп жооп кайтарды. Үстүбүздөгү жылы эле Орусияда улутчул – скинхеддердин колунан сегиз кыргыз жараны каза тапканы кабарланууда. (JTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG