Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

КЫМБАТТЫКТЫН АСМАНЫ


Жаңы жылдан тарта патент акысы 50 сомдон 1500 сомго чейин көтөрүлдү. Салыктар жана төлөмдөр мамлекеттик комитети патент акысын көтөрүүнү өткөн жылы аныктап, патент он жылга жакын убактан бери өзгөрүлбөй келатканын эсепке алган. Патент акы башка шаарларга салыштырмалуу Бишкекте кыйла көтөрүлдү. Салыкчылар аны башкалаада өлкөнүн башка жерлерине караганда соода-сатыктын көп болушуна, акчанын арбын топтолушуна байланыштырышат.

Социалисттик жашоо ыңгайы базар шартында алгачкы капитал топтоого орун бошоткон соң Султан көнгөн ордун жайма базарга алмаштырган. Азыр ал суукка урунуп үйүндө дарыланууда. Кутурган итти байласа тургус суук контейнерди ушу тапта келинчеги иштетүүдө:

- Патенттин баасы ылайыктуу эле болчу. Ошол патентти туура чогултса, “капкагынан” ашып кетмек. Патентти толук чогултпай жатышпайбы. Менин оюмча, патент акынын үчтөн бири эле чогулат. Соода-сатыктагылар эле өкмөткө жакшы акча төгүп жатышпайбы. Өндүрүш ишканалардын көбү иштебей, ал жактан акча түшкөн жери аз.

Салыктар жана төлөмдөр мамлекеттик комитетинин төрага орунбасары Адылбек Касымалиев патент акы базардагы соода жайларынын жайгашкан жерине, сооданын өтүмдүүлүгү кылдат текшерилгенден кийин киргизилгенин, негизи патент акы соодагерлер тапкан кирешенин 10% ашпастыгын ырастады.

Султандын пикиринде патент акысын соода кылгандардын текши баары эле төлөй бербейт. Эгер патент акысы толук чогултулса андан мамлекет гана утушка ээ болор эле:

- Жарым-жартылайы “солго” кетет. Көптөрү төлөбөй эле жүрүшөт, төлөсө да жарым-жартылай. Ага кошумча, бажы жагын алалы. Өткөн товарлардын өлчөмүндө айырмалар көп болуп жатпайбы. Ошол айырмалар бирөөлөрдүн чөнтөгүндө калып жатат да. Бизде деле атаандаштык күчтүү. Патент кымбаттаса соода кылчулар азаят. Азыр Өзбекстандан кардарлар болуп гана базар иштеп жатат. Иш болбой калса элдин көбүнө кыйын эле болот.

“Ош” базарында иштеген Индира Боромбаева да патент акысынын көбөйүшүнө нааразы. Анын айтуусунда, күн сууктаганы базарда соода азайып, киреше түшпөй деле калды. Жалаң эле патент акысы көбөйбөй базардагы орундун баасы, башка төлөмдөр көбөйгөндөн көбөйүп эле баратат:

- Көбөйүп атат. Соодада азыр эч нерсе жок.

Салык жана төлөмдөр мамлекеттик комитетинин төрага орунбасары Адылбек Касымалиевдин ырасташынча, патент акысынан чогулчу акча жалпы салык төлөмдөрүнүн 3% ашуун бөлүгүн түзөт:

- 2007-жылы биз 12 миллиард 672 миллион сом салык чогулттук. Ошонун ичинен патент төлөп аткандар 430 миллион сом төлөштү. “Дордойдун” товар жүгүртүүсү, соодагерлердин соодасы чоң. Биздин патенттен чогулткан акчабыз жалпы салыктын 3,3% гана.

Өкмөт “көмүскө экономиканы” коңулдан чыгарыш амалында кийим тигүүчүлөргө патент системасын киргизген. Алар 2010-жылга чейин салык төлөөнүн мына ушул жөнөкөй системасында иштешет.

Салыкчылардын ырасташынча, азык-түлүк, курулуш материалдары, чарбалык буюмдарды саткандардын кирешеси кийинки жылдары кыйла өстү. Ошол себептүү экономикалык ишкердиктин мына ушул түрлөрүнө берилчү патенттин баасы көбөйдү. Адылбек Касымалиевдин айтуусунда, мындан ары кыргызстандыктар жыл бою тапкан-ташыганын мамлекет алдында жарыялоого өтүшмөкчү:

- Патентти азыр жок кыла албайбыз. Аны бир күндө жоюп жибериш мүмкүн эмес. Анткен болбойт. Акырындан патент алгандарды эсеп жүргүзгөнгө көндүрүшүбүз керек. Бир жылда бир декларация бергендей кылып.

“Ош” базарында иштеген Лаура Баялиева бир айда тапкан кирешенин жарымы патент акысына кетип жатканын айтып, карапайым калк үчүн патент акы деле оорго туруп жатканын белгиледи:

- Тапканың жарым айга жетпей жатса. Ошол тапканыңын жарымын патентке төлөп берип жатсаң, ошол кантип жакшы болмок эле.

Быйылкы жыл бюджетинин киреше бөлүгү мамлекеттик инвестиция программасын кошкондо 39 миллиар сом өлчөмүндө бекитилди. Анын тең жарымына жакынын салыктардан чогултчу акчалар түзөт.

Ушу тапта Кыргызстанда ишкердиктин 120 ашуун түрү патент системасы боюнча иштөөдө. Патент акынын көбөйүшү, салык чогултууну жакшыртуунун эсебинен салык жана жыйымдар мамлекеттик комитети казынага түшчү каражатты 50% чейин көбөйтүүнү болжолдоодо.

XS
SM
MD
LG