Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:49

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүнүн кийинки айлардын ичинде бардык күч-аракетин жогорку окуу жайларында кыз-келиндердин жоолук тагынуу маселесине --> http://azattyk.kg/rubrics/human_rights/ky/2008/02/8BA558A0-A2E5-433B-B239-FE127CC7AF1A.asp жумшап, Евробиримдигине мүчө болуш үчүн керектүү болгон реформаларды өткөрүүгө чолосу тийибей келе жатышы, ички жана чет элдик саясий чөйрөлөрдө “Анкаранын Евробиримдике мүчө болуу мүдөөсү алсырап баратабы?” деген кооптонууларды пайда кылууда.

Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү 2002-жылдын аягындагы шайлоолордо ири жеңишке жетип, өз алдынча өкмөт болгондон кийин саясий зоболосун деерлик Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсүнө байланыштырып, өлкөдө түпкү тамырынан саясий, коомдук жана экономикалык реформаларды ишке ашырды.

Өзгөчө экономикалык тармакта ишке ашырган реформалары бүт дүйнөнү суктандырып, Евробиримдик 2004-жылда Анкарага толук мүчөлүккө талапкер макамын берди жана ошол жылдан тартып, мүчөлүк сүилөшүүлөрү ырасмий түрдө башталды.

Адилет жана Өнүгүү Партиясы өткөн жылдын июнь айында болгон жалпы шайлоолордо мурдагысынан да ири жеңишке жетип, кайра өкмөт болгондон кийин, Евробиримдик реформалары эми мурдагысынан алда канча жигердүү ишке ашаарына үмүт арткандардын саны көбөйгөн менен, кийинки 6 айдын ичиндеги өнүгүүлөр, Эрдогандын өкмөтү кандайдыр бир маселе себептүү, Европа Биримдигине мүчөлүк мүдөөсүнөн үмүт үзө баштадыбы деген түкшүмөл ойлорду пайда кылбай койбоду.

Өткөн аптада Германияга сапары учурунда өкмөт башчы Эрдоган менен немис канцлери Ангела Меркелдин ортосунда болгон бир диалог, жагдайды ого бетер оорлоштуруп жибергени байкалат. Германиядагы түрк жердештеринин алдында айткан сөзүндө Эрдоган:

-Биз “айырмачылыктуу өнөктөш дегенди” түшүнбөйбүз. Биз толук мүчөлүктү гана билебиз. Бирок Европа бизди каалабайт экен, анда өздөрү билет, - деген Эрдоган Брюсселге кыр көрсөттү.

Өз сөзүндө түрк өкмөт башчысы Германияда жашаган түрк жарандарын немис тилин атүгүл ага кошумча дагы бир канча тилди үйрөнүүгө бирок өз эне тилин унутпоого чакырды.

Анын бул билдирүүсү Германиянын саясий чөйрөсүндө бул өлкөдө жашаган түрктөрдү Берлиндин саясатына каршы козуткандык катары кабыл алынды.

“Мен силердин канцлериңермин” деп ачуулануу менен жооп кайтарды канцлер Меркел айым өз кезегинде. Башка концерватор немис саясатчылар дагы, Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүк жараянын кайра карап чыгууга чакырышты. Басма сөздөрдө да, Эрдогандын жердештерин немис тилин жакшы үйрөнүп, Германиянын экономикасына тыкыс интеграция болгула деген үндөөсүнөн көрө, анын “Германияда түрк университети курулсун”, “ассимилация адамзатка каршы кылмыш” деген сөздөрүнө кененирээк орун берилди.

Айрым серепчилердин пикиринде, Эрдоган Германияда ошол сөздөрүн айтпагандын өзүндө дагы, Анкара менен Берлиндин мамилелери, Меркел айым канцлер болгондон кийин бир кыйла начарлап кетти. Үстөкө босток дегендей, Францияда да Саркози өңдүү Түркияга далысын салган адамдын президенттик орунга келүүсү, Түркиядагы Европага мүчө болууну жактоочулардын шагын сындырып, эл ичинде Евробиримдикке мүчө болууну каалагандардын үлүшү кескин төмөндөп баратат.
XS
SM
MD
LG