Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Арменияда быйылкы президенттик шайлоодо мамлекет башчысынын мандатын тогуз талапкер талашат. Алардын арасынан өкмөттүн учурдагы премьер-министри Серж Саркисян менен өлкөнүн биринчи президенти Левон Тер-Петросян эгей-шыгай атаандаш болот деп айтылууда. Шайлоо алдыдагы аптанын шейшембисинде – 19-февралда болот.

Өткөн аптада британиялык “Популус” компаниясы Армениянын коомдук телеканалынын тапшырмасы менен социологиялык изилдөө өткөрүп, шайлоочулар арасында кайсы талапкердин колдоочулары көп экенин сокур тоомдоп болсо да билгенге аракет кылды.

Изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, суралгандардын 50 проценттен саал ашыгы азыркы өкмөт башчысы Серж Саркисянга, 15 процентке чукулу парламенттин мурдагы спикери Артур Багдасарянга добуш бергиси келерин айтышкан. Ал эми өлкөнүн биринчи президенти Левон Тер-Петросяндын кайрадан мамлекет башчысы болушун каалагандар 12 проценттей бар. Калган талапкерлерди колдогондор беш-алты проценттен ашкан эмес.

Британдык социологдордун бул иликтөөсүнө Кавказ медиа институтунун жетекчиси Александр Искандерян анчейин деле ишене берген жок. Ишеним жарата алгыдай социологиялык изилдөөлөр өткөрүлгөн жок, дейт ал. Искандеряндын жеке баамында Тер-Петросяндын колдоочулары Ереванда элет аймактарына караганда кыйла көп. Бул маанилүү,бирок Ереван болгону жалпы өлкөдөгү электораттын үчтөн бирин гана түзөт. Эмдиги президент ким болорун негизинен элет жериндеги шайлоочулар чечет.

Еревандык экинчи бир эксперт Степан Григорян алдыдагы шайлоодо “кландар” фактору да чоң мааниге ээ болушу мүмкүн деп божомолдойт. Калк арасында Роберт Кочарян президент болуп турган соңку сегиз жылды карабах кланынын үстөмдүгүндөй караган түшүнүк күчтүү. Серж Саркисян да ушул кланга кирет. Эгер кайра эле карабах өкүлү президент болсо өлкөнү авторитардык ыкма менен башкарат, мунун бизге кереги жок дегендер эл ичинде көп. Демек, карабах кланына нааразы болгондор Тер-Петросянга ооп кетиши да ажеп эмес, дейт Григорян.

Шайлоонун толук адилет, эркин жана ачык болорунан да жергиликтүү байкоочулар күмөн санашат. Искандерян, мисалы, добуштарды жең ичинен сатып алуу, дыйкандарга үрөндүк эгин үлөштүрүү, бизнесмендер, башка да таасирдүү адамдарды өз тарабына тартуу, мамлекеттик кызматкерлерге кысым жасоо сыяктуу административдик ресурстун айтылуу элементтери колдонулганын бөркүндөй көрөт.

Мунун баарын Саркисяндын командасы буга чейин эле жасап бүткөн болуу керек. Ошо себептүү шейшемби күнкү добуш берүү сыртынан караганда кынтыксыздай таасир калтырышы мүмкүн, бирок түпкүлүгүндө бурмалоонун кыйды,ичкертен жасалган механизмдеринен арылган таза шайлоо болоруна азырынча ишенүү кыйын, дейт Искандерян.
XS
SM
MD
LG