Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

10:30 Азербайжанда кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу тасма тартылат


Кабарларга ылайык, февраль айынын этегинде жазуучу Чыңгыз Айтматов Бакуда болот. “Кылымга тете кылым” деген аталыштагы даректүү тасманы тартуу үчүн Бакуга Москвадан атайын топ келет. Тасма авторлору президент Илхам Алиев, КМШнын бир катар өлкө башчылары, АКШнын мурдагы лидери Билл Клинтон, Түркиянын мурдагы президенти Сулейман Демирель, Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Гарсия Маркес менен маек уюштуруп, аларга Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу суроо узатышат. Азербайжандагы сапары учурунда Чыңгыз Айтматов Баку Мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушуп, жазуучуга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саясатын колдоо кору тарабынан алтын медаль тапшырылары күтүлүүдө. Кыргызстанда 2008-жыл – Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG