Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

13:18 «Центерра Голд» Кыргызстан менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр


Мындай билдирүүнү алтын кенин иштетип жаткан «Центерра Голд инк» ишканасынын Торонто кеңсеси таратты. Кыргыз өкмөтү алтын кенин иштетүү боюнча кошумча макулдашууну ишке киргизүүнүн мөөнөтүн 15-февралдан 30-апрелге которууну сурап кайрылган. Өкмөттүн мындай сунушуна Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер жана парламент аралык байланыш комитетинин чечими түрткү болду. Комитет макулдашууга тиешелүү кошумча маалыматтар зарыл экендигин белгилеп, аны ратификациялоого макулдук берген эмес. Комитеттин төрага орун басары Кабай Карабековдун маалыматына караганда, макулдашууга байланыштуу кошумча сүйлөшүү келерки аптада канадалык өкүлдөрдүн катышуусунда болору күтүлүүдө. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG