Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

15:29 Оппозициялык «Атамекен» саясий партиясынын лидерлеринин АКШга сапары аяктады


Бүгүн Бишкекке кайтып келген партия лидери Өмүрбек Текебаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда АКШ сапарында саясий лидерлер федералдык деңгээлдеги аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринин өкүлдөрү, конгрессмендер, сенаторлор менен жолугушуп, дүйнөдөгү, Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы коомдук-саясий өнүгүү багыттарын талкуулашты. «Атамекенчилер» менен АКШ мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер жолугушту. Жолугушууларга таянган Өмүрбек Текебаев АКШнын саясий коомчулугу Кыргызстандагы бурмаланган шайлоо жыйынтыгы оппозициялык «Ата мекен» партиясын парламентке киргизбей койду деп эсептерин кошумчалады. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, партия лидерлери Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Эркинбек Алымбеков жана Карганбек Самаков АКШ Конгрессинин чакыруусу боюнча салттуу сый тамакка катышуу үчүн 2-февралда Вашингтонго кетишкен. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG