Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

АПТА ОКУЯСЫ: БАШКЫ ПАРТИЯ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУН КАМЫЛГАСЫНДАБЫ?


Бурулкан Турдубек кызы, Бишкек Өтүп бараткан аптада парламент Конституциялык соттун төрайымдыгына Светлана Сыдыкованы дайындоого макулдук берди. Мындан тышкары Кыргызстандын акыйкатчылыгына Турсунбек Акунду жана БШКнын алты мүчөсүн шайлады. «Ак жол» партиясынын басымдуу колдоосунда кабыл алынган бул чечимдер көз карандысыз коомдук-саясий чөйрөдө бир партиянын үстөмдүгүнүн белгиси катары бааланууда.

Жаңы Жогорку Кеңештеги «Ак жол» саясий партиясынын саясий салмагына башка саясий күчтөрдүн теңелиши оңой болбой калганын өтүп бараткан аптада дагы бир ирет далилденгендей болду. Буга мисал катары мамлекет башындагы саналуу жетекчилердин бири – Конституциялык Соттун башчысына макулдук берүү, Кыргызстандагы адам укуктарын коргоо милдетин аркалаган жаңы акыйкатчыны, БШКнын жаңы алты мүчөсүн шайлоо жараянын келтирүүгө болот.



Маселен, парламент жактырган Конституциялык Соттун төрайымдыгына Светлана Сыдыкованы жана акыйкатчылыкка Турсунбек Акунду президент Курманбек Бакиев сунуш кылган. БШКнын жаңы мүчөлүгүнө сунуш кылынган 19 талапкерден тандалган алты мүчөнү тең «Ак жол» фракциясы көрсөткөн. Парламенттеги азчылыкты түзгөн фракциялар, айрыкча Социал-демократтар муну тең салмактуу саясатка доо кетире турган жеке басарлык катары сындап чыгышты.



Президент сунуш кылган эки талапкерге өзгөчө тиш кага албаганы менен, БШКнын парламент милдеткер мүчөлөрүн шайлоо жараянын ириде СДП сындады. Маселен, депутат Иса Өмүркулов:

-Парламентте “Ак жол”, өкмөттө “Ак жол”, БШКда “Ак жол”, сот системасында дагы “Ак жол”. Эми кичине мындай калыстык болуш үчүн башка партиялардан дагы болуш керек да. Мен Социал-демократтар партиясы менен Коммунисттер партиясын айткан жокмун. Бүгүнкү күндө шайлоого катышып, же шайлоого катыша албай калган, же катышып, өтпөй калган көп партиялар бар. Мына алардын кызыкчылыгын ким коргойт? Биздин Борбордук шайлоо комиссиясында калыстык болобу, же болбойбу? Эгерде бардыгы бир партиядан турган болсо, түшүнүктүү болуп турат – калыстык болбойт.

Албетте, талапкерлерди өз комитетинен өткөрүп, парламентке сунуш кылган Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Зайнидин Курманов «Ата мекен», «Замандаш» өңдүү оппозициячыл партиялардын талапкерлеринин кирбей калышын жөнөкөй себеп менен, документтердин туура эместиги менен негиздеп берди.

Анткен менен, СДПнын дагы бир мүчөсү Ирина Карамушкина парламенттеги көрүнүштү жеке басарлык саясаттын эле бир көрүнүшү катары сыпаттады:

-Акыркы шайлоо жарандардын шайлоо эркиндиги кагазда эле калып жатканын көрсөттү. Мыйзамды сыйлоо сөздө гана калып жатат. Эки жүздүү болбосок, БШК аркылуу бир гана партиянын кызыкчылыгы сүрөлдү. Бул көптөгөн саясий бирикмелердин, элдин нааразылыгын жаратты. Бул тууралуу бир топ эл аралык уюмдар билдиришти. ЕККУнун парламенттер ассамблеясынын башчысы бул ирет өлкөдө демократиялык принциптерден олуттуу артка чегинүү болду деди. 0. 5% чек боюнча анын өлкөсү Финляндияда мындайда бир да партия өтмөк эмес деди ал. АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстанда шайлоо бир максатка жетүү үчүн администрациялык ресурстарды пайдаланып өттү деди.

Карамушкинанын дооматын депутат Зайнидин Курманов негизсиз деп, СДП өңдүү оппозициялык партиялардын сындагандан башкага кудурети жетпей жаткандыгы менен байланыштырды. СДП менен Коммунисттер фракциясын демилгелүү иштеп, күчү келсе «Ак жолдун» жарымын өзүнө оодарып алууга болорун, бирок, ага конструкциялык оппозициядагылардын кудуретсиз болуп жаткандыгын белгиледи.
СДПнын сынын оор кабыл алган «Ак жолдун» депутаттарынын бири Кубанычбек Жолдошев СДПны, анын ичинде Карамушкинаны «Ак жолдон» кечирим суроого чакырды:

-СДПК партиясынан мына фракция отурат, Коммунисттер фракциясы отурат. Бул демократия эмес. А башкача жол менен кете турган болсо, “Ак жол” партиясынан 90 депутат болсо де болмок. Ошондо силер күнөөлөсөңөр болот эле. Муну прессага дагы айтышыбыз керек. Кээде ММКда дагы ушул өтүп кетип атат. То балык кылып бизди, то башка кылып. Менин оюмча, бул жаңылыштык болуп жатат. Депутат Карамушкина бул “Ак жол” партиясынан дагы кечирим сураш керек.

Ошол эле мезгилде акжолчу депутаттар арасында партиянын негиздөөчүсүнүн сунуштары жерде калбастыгын ачык эле айтып жатышат. Алардын бири төрага орун басары Кубаныбек Исабеков депутаттарды партиянын аскерлери катары баалады:

-Эми биз “Ак жол” партиясынын солдаттарыбыз. Президент сунуштап жаткандан кийин колдошубуз керек.

Парламенттеги апта этегиндеги добуш берүү тыянагын эркин талдоочулардын кыйласы мамлекеттик башкарууну бир колго топтоо максатында түзүлгөн «Акжол» партиясынын ишмердүүлүгүнө таандык мүнөз катары сыпатташууда. Бул тууралуу саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Азаттык” менен өз оюн бөлүштү:

-“Ак жол” партиясын түзүп жатканда максаты ошол болчу. Эми аны бардыгыбыз көрдүк. Партия эки айдын ичинде шашылыш түрдө түзүлүп, шайлоого катышып, жеңип алганы дүйнөлүк практикада болгон эмес. КМШда, Казакстан, Орусияда мурдарак түзүлүп, элге таанылып калган партиялар жеңишке жеткен. Албетте административдик ресурс сөзсүз колдонулганы менен кичине жымсалдуурак жасалган болчу. Бизде болсо, эч кандай тартынбастан эле жасалды. Экинчиден, “Ак жол” партия эмнеге түзүлдү? Бул жаңы Конституцияга ылайык түзүлдү дагы, ошол партия аркылуу парламентте көпчүлүктү алып, анан парламент дагы бийликтин карамагына өттү. Ошон үчүн бийлик үч бутактан турбай эле, бийлик бир эле Акүйдүн карамагында болуп калды.

Молдалиевдин баамында, мындай жагдайда Кыргызстанда демократия формасы боюнча гана жашап, мазмуну жагынан авторитардык башкаруу бойдон кала берет.


Мирослав Ниязов

Саясий жана коомдук ишмер Мирослав Ниязовдун белгилегенине караганда, бардык башкаруу институттарын бир партия аркылуу бир колго топтоп алган азыркы бийлик автократиялык жолдон тая албайт:

-Биринчиден, демократияны билген, аны коргогон, ошол ички дүйнөсү демократ болгон бийлик керек бизге. Кыска бийлик болуш керек. Мүмкүн бул жаман угулуп калат. Бирок бизге демократ бийлик келмейинче, демократиянын жолуна эч качан түшө албайбыз.

Ниязовдун баамында парламенттик шайлоодон кийин өлкө демократиялык багыттан кайтты:

--Биз демократиядан артка кеттик. Кээ бирлер ойлойт, акылы кыска болсо, ошентип элди тынчытабыз, коопсуздукту бекемдейбиз деп. Бирок бул чоң жаңылышуу. Мындай жол менен коопсуздукту эч качан беките албайт. Демократия деген дүйнө жүзүндө болуп жаткан процесстер.

Мындай жагдайдын түзүлүшүнө шарт түздү деп өзгөчө көз караштагы коомчулуктун катмарына, азыркы бийликке теңата атаандаштык жүргүзө албай койду деп оппозицияга күнөө оодаргандар да аз эмес. Бул өзү бийлик монополиясына алып баратат дешет байкоочулар. Орозбек Молдобаев мындай дооматтын чындыгы жок эмес деди “Азаттыкка” берген интервьюсунда:

--Коммунисттер менен Социал-демократтар эч кандай погода жасай албайт парламентте. Себеби алар азчылык. Жөн эле бийликте оппозиция дагы бар деп айтылыш үчүн эле кошулуп калган. Коммунисттер кийинки жылдарда эч кандай оппозиция болуп берген эмес. “Коммунисттер” деген аты эле калды. Коммунисттердин бир жолу бийликке каршы сүйлөгөнүн уктуңар беле? “Лениндин эстелигин ары койбогула, бери койбогула” дегенден башка маселе көтөргөн эмес. Социал-демократтардын позициясы кийинки кезде ошого окшоп калган. Анда-санда кээ бир лидерлери сүйлөп коет. Ошондуктан парламентке булар өттү. Эгерде андай эле оппозицияга өтсүн деген кишилер Баш мыйзамга көз жумулуп эле коюлуп жатпайбы. Мисалы үчүн кыргыз тилин билбеген премьер-министр деле Баш мыйзам бузулуп шайланды. Бир айдын ичинде үйрөнөт деген шылтоо менен. Анан “кой, бул “Ата мекен” партиясын көпчүлүктөр колдойт экен, ушуну өткөрүп коелу” деп, мына бийликке монополия кылбайлы деген кишилер ошондой жолго бармак.

«Ак жол» партиясы аркылуу бийликтин бардык бутактарын бир кол менен башкарууга жасалган аракеттин арты жакшы болбой тургандыгын жетимиш жылдык тарыхы бар коммунисттик сестема өзү далилдеген дейт саясат таануучу Нур Омаров. Мындай көз карашты «Таза коом» партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеров да жактайт:

--Биз коммунисттик режимдеги учурга баратабыз. Саясаттын багыты илгерки коммунисттик режимге алып баруу болуп жатат. Анткени эч ким, эч нерсе деп сүйлөй албайт. Сүйлөсө дагы андан эч жыйынтык чыкпайт. Мына ошол сезимди адамдардын мээсине куюп жатышат.

Табылды Акеров президент Курманбек Бакиев жана анын партиясы жүргүзүп жаткан азыркы мамлекеттик саясат жакынкы аралыкта кандайдыр бир жалпы демократиялык баалуулуктарды асырап, тигил же бул саясий күчтөрдүн укуктарын сыйлоого маани берерине ишенбейт. Тескерисинче, парламентти ээлеп турган «Ак жолдун» акыркы аракеттеринен, анын ичинде, БШК мүчөлөрүн шайлоодон, Конституциялык Соттун төрайымдыгына талапкерди тандоодон келерки президенттик шайлоого камылгалар көрүлүп жаткандыгын ачык эле көрүүгө болот:

--Мунун бардыгы алдыда келе жаткан президенттик шайлоого даярдануу болуп эсептелет. Ошондуктан “Ак жол” партиясы өзүнүн позицияларын ар кайсы мамлекеттик структураларда бекитип жатышат. Мисалы, кечээ Данияр Үсөновдун 7 миңден ашык ишкерлерге жакырларга жардам берүү ирээтинде 20 миңдей кишиге ай сайын жардам көрсөтүү бул дагы өзүнчө бир кадам болуп жатат. Анткени бардык структуралар президенттик шайлоого даярдык көрүп жатышат. Албетте, бул жаман көрүнүш. Себеби алдын-ала боло турган процессти булар бир беткей кароого даярданып жатышат. Мындайча айтканда, президенттик шайлоо деле өтө булганыч, өтө саясатташтырылган негизде өтөт.

Парламент «Ак жол» партиясы сунуш кылган алты талапкерди БШКга эч кандай тоскоолдуксуз эле өткөрдү. Талдоочулар парламентте «Ак жол» сунуштаган БШКнын алты мүчөсүнө президент өзү мурдараак дайындаган калган мүчөлөрүн кошкондо Борбордук шайлоо комиссиясында дээрлик башка партиялардын кызыкчылыгын талаша турган бир дагы мүчө калбагандыгын айтышууда.

Мындай шартта келерки президенттик шайлоого «Ак жолдон» башка партиялар талапкер көрсөтөрү күмөн. Мындай көрүнүш эртеби-кечпи өзүнүн тескери таасирин көрсөтүшү ыктымал деп болжошот талдоочулар.
XS
SM
MD
LG