Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

ОШТО ЖЫРТКЫЧТАР КӨБӨЙҮП, МАЛДАРГА КОЛ САЛУУДА


Ош жергесинде жырткычтар көбөйүп, малдарга кол салган фактылар арбыды. А түгүл эки ач карышкыр машинеде бараткан облус губернатору Аалы Карашевди алдынан тороп, айбат көрсөткөн окуя да жүз берди. Адистер быйыл кыштын каардуу болгондугу, ошондой эле аңчылардын, куралдардын, ок-дарылардын жетишсиздиги буга себеп дешсе, жергиликтүү тургундар жана мергенчилер өкмөт мурдагыдай мергенчилик инспекциясын кайра түзбөсө, төрт түлүк мал кырылып калабы деп кыжаалат.

Түнү бою улуп чыккан карышкырлар тоо ичиндеги айылдарга дейре күтүүсүздөн кирип келип, короодо жаткан малдарга дүрбөлөң салып, көпчүлүгүн жара тартып кеткен чагы. Күндүзү ээн талааларда кароосуз жүргөн үй жаныбарлары да жырткычтардын даяр олжосуна айланганы капкачан. Бул туурасында Араван районунун тээ алыскы Чөгөм кыштагынын тургуну Жаңыбай
мындайча баяндады:

- Жылдагыга караганда карышкыр салыштырмалуу көбүрөөк. Талаада калган малдарды тынымсыз карышкыр тийип жеп турат. Биздин зонада атайын мергенчи барып карышкыр аткан күн болгон эмес.

Ал эми Ош жана Баткен аймактык токойчулукту өнүктүрүү жана аңчылык ресурстарды жөнгө салуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Өктөм Сабыровдун эсебинде, тоолуу айыл-кыштактарды 770 карышкыр, 1050 чөө жойлоп жүрөт.

Азырынча аларга 50-60тай топоз, 60-70 чакты жылкы, 450-500дөй кой-эчки жем болду. Акыбал Алай, Каракулжа, Чоңалай райондорунда айрыкча чатак. Себеби, башкармалыкта иштеген 3 егер, 7 аңчы эч нерсеге үлгүрбөй жатат. Рынок заманында мергенчилерге акы төлөбөсөң, бекер атпайт, анын үстүнө ок-дары, транспорт да жетишсиз:

- Жети аңчылык адиси бар. Окдарылар жетишпейт, техникалар начар. Көбүнчө Каракулжа, Чөналдай, Алай зоналарында элдин малына карышкыр көп тийип атат. Кара малдан жүз чакты, жылкыдан 60-70, топоздон 50-60, кой-эчкиден 455 зыян келген. Андан тышкары эшектерди жеп кеткен, - дейт Өктөм Сабыров.

Түштүк аймактык мамлекеттик ветеринария башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мажит Эргешов дейди жойлогон жырткычтар адамдар жалгыз жүрсө кол салуудан кайтпасын айтып, буга эки ач карышкыр Ош облус губернатору Аалы Карашев машинеде баратканда алдынан тороп, айбат көрсөткөн окуяны мисал тартты. Жолбун карышкыр, чөөлөрдүн айынан кутурма оорусу да күчөгөндүгүн жашырган жок:

- Кутурма менен ооруй турган карышкырлар, чөөлөр келип айылдагы малдарды тиштеп кеткен учурлар көп болуп атат. Январь айында эле түштүк аймагында 18 жолу кутурма оорусу катталды.

Көп жылдар бою аңчылык менен оокат кылган Адылбек аттуу каракулжалык аксакал Кыргызстан мал киндиктүү өлкө экендигин баса белгилеп, мергенчилик уюмун жандандырып, атайын инспекция кылып кайра уюштуруп, мамлекет тарабынан туруктуу каржыламайынча, маселе жыл сайын баш оорутмага айланаарын эскертти:

- Шарт түзүп курал жарак, окдарылардан бергенде мергенчилер дагы кызыгышып, карышкырларды атат беле. Аңчылар инспекциясын өкмөт кайрадан уюштуруш керек, аларды каржылап, элге тынчтык алып келе тургандай кылыш керек .

XS
SM
MD
LG