Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш иш сапары менен Африкада жүрөт


Бул Жорж Буштун президент катары Африкага 2003-жылдан бери алгач келүүсү. Ал сапарын Бенин өлкөсүнөн баштады. Мындан сырткары дагы төрт мамлекетте: Танзания, Руанда, Гана жана Либерияда болот. Иш сапар АКШнын Африкадагы регионалдык чатактарды жөнгө салуу, демократиялык реформаларды колдоо, өзгөчө СПИД жана безгек илдеттерине каршы күрөшүүдөгү аракеттерин көргөзүүгө багытталган. Бүгүн Бенин өлкөсүнүн башкалаасындагы сүйлөшүүлөрдө Жорж Буш АКШ аталган өлкөгө безгек илдетине каршы күрөштө жардамды улантарын убада кылды, ал эми Кенияга дүйшөмбү күнү мамлекеттик катчы Кондолиза Райсты жөнөтөрүн билдирди. АКШ Мамлекеттик катчысы Кенияга бул жерде президенттик шайлоодон кийин тутанган кыянатчылыктарды токтотуу үчүн түзүлүп жаткан бийлик бөлүшүү боюнча макулдашууга колдоо көргөзүү максатында барат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG