Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:44

“Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөктүн жаңы саны кыргыздын тунгуч режиссеру, республиканын эмгек сиңирген артисти, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Аманкул Куттубаевдин туулган күнүнүн жүз жылдыгына арналат. А. Куттубаев кыргыздын профессионалдык опера өнөрүнүн тарыхында театрга койгон оюндары менен ысымы алтын тамга менен жазылган залкар режиссер катары калары шексиз.

Улуттук профессионалдык драма, музыкалуу, опера театрларынын карт тарыхына үңүлсөк, кыргыздын уландарынын арасынан алгачкы жолу чыккан тунгуч опера режиссеру, республиканын эл артисти, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Аманкул Куттубаевдин ысымын сыймыктануу менен айтабыз жана атайбыз.

Үч уктаса түшкө кирбеген жаңыдан ачылган музыкалык, драма студиясына болочоктогу актер, кийнки айтылуу режиссер Аманкул ойдо жок жерден “Эркин тоо” газетасына “Музыкалык жана театр койчу төгөрөк (студия) ачылат” деген жарыяны окуп, ага өзү теңдүү курдаштары менен сынактан өтүп студияга кабыл алынат.

Ал театрдын сырын беш манжасындай билген тажрыйбага бай орус режиссеру, педагог актер Николай Николаевич Еленинден актерлук чеберчиликтен, этюддан, музыкалык сабаттан, гримденүүдөн, ымдоо-жаңдоодон, дүйнөлүк театрдын тарыхынан сабак алат.

Аманкул алгачкы чыгармачылыгынын башатын Елениндин “Молдо Насиридин” аттуу үч көшөгөлүү комедиясындагы башкы каарман Молдо Насиридиндин образын ойноодон баштайт. Ал эми Аманкулдун айылындагы Көкүл аттуу молдо:

-Эй, туугандар шаарда “Маскарапоздордун” уюму уюшулуптур. Ага киргендер Кудайга шек келтиришип, алла-таалам сүйгөн молдо-сопуларды туурай баштаптыр. Акыр заман башталат деген ушул, - десе, жарпандык Алымбай молдо:

- “Куттубайдын томаягы мусулман дининен чыгып бузулуптур. Молдону туурайт деген эмне? Аны айылга жолотпогула. Кимде ким аны үйүнө киргизип, тамак берип урматтаса, сыйласа Кудайга күнөөкөр болот. Эки дүйнөдө алла-тааланын алдында бети кара болуп “тигил” дүйнөгө барганда тозоктун отуна түшөт. Аманкулдун кылган күнөөсү анын жети атасына чейин кесирин тийгизет. Эй, эл-журт уулуңарды Куттубайдын уулундай болуудан сактагыла, шаарга жибербегиле, – деп, Аманкулдун айылдаштарынын, ага-туугандарынын арасына чаң салат.

Бирок, эрки бек, көздөгөн максатынан кайтпаган Аманкул студиядан окуусун улантып, М.Токобаевдин “Кайгылуу Каныкейинен” Алымкулдун, Фурмановдун “Козголоңунан” Карабайдын ж.б. ролдорун сахнага көрүүчүлөр күткөндөй деңгээлде алып чыгат.

Музыкалык студиянын уюштуруучусу, режиссеру Н.Еленин улуттук жаш кадырлардан режиссердун жоктугун эске алып, Аманкулдун шыгын, жөндөмдүүлүгүн баамдап, режиссердук кесипте окута баштайт. Дээринде бар зээндүү Куттубаев педагогунун жардамы аркасында “Болот”, “Кырманда”, “Төбурчак” аттуу ж.б. пьесаларды коет.

Аманкулдун келечекте залкар режиссердон боло турган шыгы акын Жусуп Турсунбековдун 1916-жылкы Үркүнгө арналган “Ажал ордуна” аттуу музыкалуу драмасын койгондо айдан ачык көрүнөт. Ал драмадагы каармандарды ар бир актердун аткаруучулук чеберчилигине жараша бөлүштүрүп, көрүүчүлөрдүн алкоолоруна алынат.

Жаш режиссер Куттубаев Москвадагы А.В.Луначарский атындагы театр институтунун режиссердук факультетин бүтүп келери менен кыргыздын тунгуч операсы “Айчүрөктү” коюга киришет.

Операнын авторлору В.Власов, А.Молдобаев, В.Фере, дирижеру В.Целиковский, сүрөтчү Я.Штофер, балетмейстер Н.Холфин, хормейстр П.Меркулов жаша башкы каармандарды аткаруучу артисттер менен Аманкул бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара накка чыгармачылыкта эмгектенгендиктен эпикалык-баатырдык опера 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын он күндүгүндө борбордун көрүүчүлөрү, атактуу өнөр ишмерлери тарабынан жогорку баасын алат. Операдагы башкы каармандын бири – Күлчоронун ролун А.Малдыбаев аткарып, бейтааныш көрүүчүлөрдүн алкоолоруна арзыйт.

Кыргыздын тунгуч операсы “Айчүрөк” 69-жылдан бери сахнадан түшпөй коюлуп келүүдө. Бул жылдардын аралыгында операнын башкы каармандарын ондогон таланттуу жаштар сахнага алып чыгышты. Орто муундагы опералык ырчылардан эл артисти Дарика Жалгасынова операдагы башкы каарманы Айчүрөктүн ыйын концерттерде ырдап жумурай журттун алкоолоруна алынууда.

Куттубаев “Айчүрөктөн” кийин В.Власов, А.Малдыбаев, В.Ференин “Патриоттор”, “Манас”, “Токтогул”, А.Аманбаев, С.Германовдун “Айдар менен Айша”, М.Раухвергердин “Көкүл” аттуу ж.б. операларды коет. Булар да көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болот. Аманкул көрармандарга режиссер гана эмес, драматург катары да таанылат. 30-жылдардын башында “Колхоз душмандары”, К.Маликов менен “Жаңыл”, “Биз баягы эмеспиз” аттуу пьесалардан “Патриоттор” операсынын либретосун жазат. Булардын баардыгы театрга коюлат.

Маркум Аманкул агайдын иш билгилиги, кыргыз театрынын түбүн түптөгөн өнөрпоз адис катары көптү билгени тилекке каршы кагаз бетине түшпөй, өзү менен кошо кеткени жөнүндө эл жазуучусу Бексултан Жакиев:

- Мен Аманкул Куттубаевди опера музыкалык драма театрларынын режиссеру катары студент кездерден билип, а кишинин койгон спектаклдерин көрүп жүрөм. Агай кыргыздын классикалык операларынын бардыгын сахнада койду. Агайдын тарбиясын алган бир топ адамдарыбыз болду. Мен Аманкул Куттубаев менен бирге иштешип калдым. Мен маданият министрлигинде башкы редактор болуп турганда а киши штаттан тышкары редактор эле. Пенсияда болчу. Пьесаларды окуганда, спектаклдерди кабыл алганда, ал турсун композиторлордун, обончулардын жаңы чыгармаларын министр баш болуп кабыл алчубуз. Мына ошолорду кабыл алганда а кишинин талабы, талдоолору мыкты эле. Ал чыныгы профессионал катары тигил, же бул чыгарманын жетишкен жагын, кемчиликтерин ачык айтып, ак сүйлөөр эле. Мен а кишини өтө жогору баалаганым тээ театрыбыз 20 жылдан уюшулгандан кимдер иштеген, ким театрга кантип келген, качан келген бүт баарын төкпөй чачпай ийне жибине чейин билгенин айтып берер эле. Мен аябай кызыгар элем. Анан мен: - Аманкул Куттубаевич сиз мага кобурап бергенден көрө жазбайсызбы десем: - Ой, ким жазып отурат дегенде, мен: - агай, менде иштеген редакторлордун бирөөнү күнүгө десеңиз күнүгө, түшкө чейин десеңиз түшкө чейин берип турайын, сиз үйүңүзгө алып барып айтып берип туруңуз, алар жазсын, кийин элге калыш керек десем: - ой, эми аны ким айтып отурат, - деп, болбой койгондо, мен: - Аманкул Куттубаевич сиздин билгендериңиз аябай көп экен, укмуш экен, ушулардын баарын айтып бербей тигил дүйнөгө кетип калсаңыз күнөөлүү болуп каласыз десем, - эми аны деле көрө жатарбыз – деген эле. Эң бир өкүнүчтүүсү Аманкул Куттубаевич билгендерин айтып бербей өзү менен алып кетип калды. Көрсө, адам тирүү турганда тыяка кетем деп ойлобойт окшойт. Анан биз деле көп маани бербепбиз. Ошентип биз биле турган нерселерди билбей арманда калдык.

-Жакшы эскерүүңө чоң ырахмат. Бексултан мырза, көрсө «өкүнөсүң каласың өткөндү кайдан табасың» дегендей адамдын көзү өтүп кеткенден кийин «атиң, атиң ай» деп алаканыбызды тарс чаап отуруп калат экенбиз.

Ар кыл талантка бай кыргыздын тунгуч режиссеру Аманкул Куттубаев тирүү болгондо 100 жашка чыкмак. Бирок азырынча залкардын туулган күнүн маданий коомчулуктун алдында эскерүү кечесин өткөрүп коюу кыргыз улуттук опера жана балет театрынын, маданият жана маалымат министрлигинин жетекчилеринин үч уктаса түштөрүнө кире элек. Чиркин, тагдыр мына ушунусу менен да армандуу тура.
XS
SM
MD
LG