Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

АДАМ ЖАНА БАЗАР: ЖУТ БОЛУУ КОРКУНУЧУ БАР


Быйылкы жылы кургакчылыкка байланыштуу малга тоют аз камдалган. Ошондуктан, айрым аймактарда чөптүн баасы өткөн жылкыга караганда эки-үч эсе кымбаттап кетти. Малчылар мунун арты жутка апкелет, деген тынчсызданууларын билдиришүүдө. “Адам жана базар” аттуу апталык-экономикалык түрмөктүн кезектеги чыгарылышы мына ушул маселеге арналды.

Былтыркы жаздын кургакчылык болгонуна байланыштуу малга чөп мурдагыдай кенен камдалбай калгандыктан, быйыл жем-чөптүн баасы дээрлик эки-үч эсе көтөрүлдү. Малчылардын айтуусунда баа кыш катуулагандан бери өзгөчө кымбаттады. Мурда-кийин күндүзү адырларга айдалып, от тээп жечү мал быйылкы катуу суукта колду карап калды, дешет алар.

“Малга эмес, бизге тоют жок...”

Тоюттун жетишсиздигинен өзгөчө Ош облусунун алыскы аймактары, тоолуу Каракулжа, Алайкуу өрөөнүнүн тургундары жапа чегишүүдө. “Азаттыктан” мурда кабарлагандай, ушул тапта Алайкууда бир машина чөптүн баасы 20 миң сомго чукулдап барды. Элеттиктер ушундай учурда өкмөт кол сунбаганына даттанышса, жергиликтүү серепчилер мамлекет кризис болоорун билет болчу, жем-чөптүн запасын камдап койсо, эл мынчалык кыйналмак эмес дешет.

Каракулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүндө 15 494 төн ашык калк жашайт. Аймак облустук борбордон 220, райборбордон 120 чакырым алыстыкта жайланышкан. Бүгүнкү күндө тоют блокадасына кабылган өрөөн эли мал-жаны менен жутка кабылуу коркунучунда турат. Көп жылдар бою чабандык кесипти аркалаган алайкуулук малчы Батмакан Табалдиева «Азаттыкка» буларды баян этти:

-Алайкууда мал багыш өтө кыйын, пенсия-пособие малга чөп эмес, өзүбүзгө азык-түлүк алууга жетпейт. Адамды ойлобогон соң өкмөт малды ойлочу беле...?

Ал эми Ош облусунун тоолуу райондорун кыдырып келген жергиликтүү талдоочу Асанбек Каракозуев Батмакан Табалдиева белгилеген көрүнүш бардык аймактарга тиешелүү экендигин дагы бир ирет бышыктады. Ал да жут болушу ыктымалдыгын жашырган жок. Ошол себептүү Кыргызстан мал киндиктүү өлкө болгондон кийин, өкмөт матрезерв фондусунун эсебинде жем-чөптүн запасын такай кармап туруу керектигин эскертти.



Ош облус губернаторунун орун басары Болот Бүргөев былтыр 200 миң тонна кесек тоют камдалгандыгын, бул 2006-жылга салыштырмалуу 5 миң тоннага аз экендигин билдирди. Жем-чөпкө баанын көтөрүлүшүн кеткен чыгымдардын көбөйүүсүнө байланыштырды. Губернатордун орун басары метереологиялык борбордун айтымында, февраль айы жылуу болоорун, жутка жетпей кыштан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар деген үмүттө.

Элет тургундарынын үнүн ким угат?

Жайыттардын жана малдын эң көп бөлүгү туура келген Нарын облусунда да былтыр кышында кар болгон эмес. Ушундан улам Теңиртоолук малчылар чөптү сатып алууга аргасыз, ага жараша баа да асмандап, чөптүн боосу өтө бош байланганына нааразылыгын билдиришүүдө. Ошол эле учурда былтыркы жылы көп жылдык чөптөн жакшы түшүм алынганы тууралуу маалыматтар бар. Мисалы өткөн жылы көп жылдык чөп мурдагы жылга караганда дээлик 5 миң гектарга арбын айдалган.

Өзүн Табылды Актанов деп тааныштырган чөп сатуучу жаз алды менен жыл сайын чөп кымбаттайт, деп эсептейт. Ал эми сатып алуучу, ардагер Жумакадыр Касымалиев сатылып жаткан чөптүн боосу өтө бош байланып, кымбат алынган баасын актабайт деп нааразы:

-Чөп кымбат. Бир боосун 110 сомдон алып атабыз. Күзүндө эле 30-35 сом болчу. Мындан да чөптүн байланган боосу өтө бош.

Атайын айдалып, чабылган чөп негизи кымбат болот дешет чөп сатуучулар. Алардын айтуусунда чөптү айдоого, сугарууга, чабууга акча төлөнөт, натыйжада мунун баары баага таасирин тийгизет. Нарында чөптүн баасы 60-70% кымбаттады. Алсак өткөн жылы март айында бир таңгак беде 50-60 сом турчу, азыр экинчи чабык беденин бир таңгагы 110 сом деп турат.

Кайда барсаң Мамайдын көрү…

Жалалабаттык малчылар жайыттан чөп үмүт кылбай, 12 миң гектардан ашуун жерге көп жылдык чөп өстүрүшкөн. Облустук бийликтин агрардык өнүктүрүү бөлүмү тоют жетишээрлик деп эсептейт. Өткөн жылы жер-жерлерден техникалык өсүмдүк, адыр чөптөрүн кошо эсептегенде 9232 тонна тоют даярдалган.

Бул тууралуу билдирген бөлүмдүн башчысы Нурбек Жээналиевдин айтымында, облустун жылкы, бодо малы менен кой-эчкилери бар тургундары кышка жетишээрлик жем-чөп камдап алышкан.

Чөптүн баалары шаар-райондордо ар түрдүү. Ушу тапта бир таңгак чөп 50-70 сомдун айланасында сатылган учурлар бар.

Жалалабат шаарынын тургуну Абдысатар Досбаевдин музоолору менен 6 ую бар. Ал былтыр Караалма токой чарбасынын мисте дарактары өстүрүлгөн аянттарынан 6 автомашина чөп чаап, кышка даярдап алган. Ал жакшы жашоого ар бир адам өзү аракет кылып, өлкөнүн казынасын тиктеп олтура берген жакшы эмес, деп эсептейт.

Облустун Сузак, Ноокен, Базаркоргон райондорунда малдуу адамдар учурда жүгөрү паянын бир боосун 10-15 сомдон сатып алышууда. Былтыр жыл кургакчыл келгендиктен кышка жетиштүү тоют даярдоого үлгүрбөгөн элет тургундары да болду.

Сузак районундагы Кадуу айылынын тургуну Узакбай Маматкулов кышка чейин ар бир боосун 10 сомго баалашып, эки автоунаа чөп камдап алган. Адыр чөбүнүн түшүмү аз болгондуктан тоолуу айыл-кыштак калкынын жем-чөбү түгөнүп баратат. Бир автоунаа чөптүн баасы болжол менен 30 миң сомго барабар:

-Көпчүлүк үйбүлөлөр чөптөн кыйналып атышат. Азыр айла жок малын арзан сатып, башка малына чөп сатып алып атышат. Кыштак калкы жем-чөптүн жетишсиздигинен кыйналууда. Чөп аз камдалып, анын үстүнө кыш оор түшүп, суук катуу болгондуктан айрым жарандардын бодомалы арыктап, аргасыздан сатып атышат.

Өз мал-кою үчүн жетиштүү тоют камдап алганы менен облус тургуну Бегимкул Төрөгелдиев карыянын белгилешинче жаз утурлаган сайын жарандардын колундагы чөп улам жетишпей калуусу ыктымал.

Жайыттарга илимий негизде мамиле зарыл

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинен алынган маалымат боюнча учурда элдин колунда 4 млн го жакын кой, 1 млн го жакын бодо мал, 500 миңге чукул жылкы бар. Ал эми Кыргызстандын жалпы аймагынын 40% жайлоо, жайыттар ээлейт.



Бирок жыл өткөн сайын жайыттар жайдак тартып, чөп жакшы өспөй жаткандыгын адистер да белгилеп келишүүдө. Ушундан улам малчылар акыркы жылдары көп жылдык чөп өстүрүүнү өздөштүрүп жатышат. Адистердин айтуусунда көп жылдык тоют өсүмдүктөрдү айдоону көбөйтүү жайыттардын, андагы чөптүн жетишсиздигин толуктап турат. Бирок ошол эле учурда жайыттарды пайдаланууну жана ага кам көрүүнү да мамлекет колго алууга тийиш, дешет алар. Кыргызстандагы айыл чарба илиминин эл аралык координатору, академик Жамин Акималиев жайыттарды илимий негизде пайдаланууну колго алуу керек, деп эсептейт:

-Жайыттар өз мааниси боюнча үчкө бөлүнөт. Совет дооруна чейин эле кыргыздар жайытты өтө сарамжал пайдаланып келишкен. Кышкы жайытты эч убакта жедиришчү эмес. Корук деп, кадимкидей коруп, жазгы жайытта жазда, жайкы жайытты жайында жедирип, кышкысын сактап коюшчу. Ошол тартип сакталбай баш-аламан болуп атат. Мындан тышкары жайыттарды бирөөнүн менчигине өткөрүп бербесек, жайыттан ажырап калышыбыз мүмкүн. Анткени азыр узак мөөнөткө ижара деп берип атышат, ижарага алган киши эч качан жайытка күйбөйт. Ошондой эле бизде алыскы жайыттардын мыкты чөбү мал жетпей, пайдаланылбай калып жатат. Ошондуктан, жайыттарды илимий негизде сарамжал пайдаланууну мамлекет колго алууга тийиш.


Замира Кожобаева, Бишкек
Ырысбай Абдраимов, Жалалабат
Күмөндөр Усупов, Нарын
Алишер Токсонбаев, Ош

XS
SM
MD
LG