Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

12:41 Т. Акун: Менин талапкерлигимди депутаттар колдооруна ишенгем


Бул тууралуу “Азаттыкка” жаңыдан шайланган акыйкатчы Т. Акун билдирди. Ал жаңы Омбудсмен катары жарандардын саясый, жарандык жана башка укуктарын коргоо боюнча ар тараптуу иш алып бараарын белгиледи. “Бардык бейөкмөт уюмдардын адам укугу боюнча берген сунуштарын эске алып, ошонун негизинде иш алып барабыз”, дейт Т. Акун. Жаңы акыйкатчынын ант берүү аземи 21-февралда парламентте өтөт. Ага президент баш болгон өкмөттүн мүчөлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Андан соң Т. Акунду акыйкатчы аппаратынын жамаатына тааныштыруу болот. 14-февралда парламент акыйкатчылыкка беш талапкерди карап, президент сунуштаган Турсунбек Акундун талапкерлигин 50 добуш менен колдогон. Ал эми 2003-жылдан бери иштеп келаткан мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун талапкерлигин 21 депутат колдогон.(MSu)

XS
SM
MD
LG